Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Орусия Эстония жаранын 15 жылга соттоду


Эстон Кохвер сотто
Эстон Кохвер сотто

Орусияда Эстониянын коопсуздук кызматкери 15 жылга соттолду. Ага орус бийликтери тыңчылык кылган, аткезчилик жана чек арадан курал менен мыйзамсыз өткөн деген айыптарды коюуда.

Эстония жана Евробиримдик сот өкүмүн айыптап чыгышты. Орусиянын Псков облустук соту шаршембиде Эстониянын коопсуздук полициясынын кызматкери Эстон Кохверди 15 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кести. Ошондой эле 100 миң рубль жазана салды. Эстониянын жараны курал аткезчилиги жана аны мыйзамсыз алып жүргөн, тыңчылык кылган, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда.

Эстониянын премьер-министри Таави Рыйвас орус сотунун өкүмүн айыптап, адамды мыйзамсыз кармоо эл аралык укуктарды одоно бузат деп билдирди. Ал эми президент Тоомас Хендрик Эстон Кохверди колдогон акция баштоого чакырып, бүгүндөн тарта элди сары тасма тагынууга үндөдү. Кохвер өзү да соттогу акыркы сөзүндө күнөөсүн моюнга алган жок. Эстониянын Москвадагы элчилигинин басма сөз өкүлү Регина Паланди-Пажи расмий Таллиндин пикирин мындайча билдирди:

- ФСБ Эстониянын коопсуздук кызматкери Эстон Кохверди Эстониянын аймагынан кармоосу жана аны Орусиянын аймагында кармап туруусу мыйзамсыз. Биз бул иште эл аралык укук мыйзамдары бузулганын көрүп турабыз. Эстон Кохвер боюнча сот жараянында сот адилеттиги болгон жок. Эстония аны 14 жылга абакка кескен өкүмдү да, сот жараянынын өзүн да айыптайт.

Евробиримдик да Орусия сотунун өкүмүн айыптап, Москваны Кохверди бошотууга жана анын Эстонияга кайтып келүүсү үчүн коопсуздугун камсыздоого чакырды. Биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини 19-августта “адамды уурдоо жана андан ары Орусияда камакта кармоо эл аралык укуктарды ачык бузуу болуп саналат” деп билдирди. Ал кошумчалагандай, "сот жабык өткөндүктөн Ковхер калыс соттук териштирүү укугунан да кол жууган". Могерини Эстониянын консулу сотко киргизилбегенин да эске салып, "бул Кохвер укуктук жардам алууга мүмкүнчүлүгү болбогонун көрсөтөт" деди.

Былтыр 5-сентябрда ФСБнын коомчулук менен байланыш борбору Эстон Кохвер Псков облусунда кармалганын маалымдаган. Ошондой эле анын жанынан октору менен тапанча, 5 миң евро, билгизбей үн жазуучу аппарат жана чалгындоо тапшырмаларын аткаруу үчүн башка материалдар табылганын кабарлаган.

Расмий Таллин Кохверди Орусиянын тыңчылары Эстониянын аймагында буктурмага камап, тапанча кезеп туруп кармашканын жана аны чек арадан алып өтүп кетишкенин ырастоодо.

Былтыр окуя болгон 5-сентябрь күнү эки өлкө чек арачылары түзгөн протоколдо чек араны биринчи Орусия тараптан келгендер бузганы, алар кайра Эстониядан Орусияга кирип кетишкени жазылган. Бирок Орусия тарап кийин ал протоколду таануудан баш тарткан. Маалыматтарда аткезчилик боюнча ишти изилдеп жүргөн Кохвер чек арага жакын жерде жашыруун булак менен кездешүүгө барганда уурдалган.

XS
SM
MD
LG