Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

"Доценттин" уурдалган эстелиги табылды


Советтик актер Евгений Леоновдун "Доцент" кейпиндеги эстелиги. Москва. 2005-жылы 29-июлда ачылган.
Советтик актер Евгений Леоновдун "Доцент" кейпиндеги эстелиги. Москва. 2005-жылы 29-июлда ачылган.

Мурдагы Советтер союзунда улуу-кичүү үнүнөн жана жүзүнөн жаңылбай тааныган актер Евгений Леоновдун 16-октябрда уурдалган эстелиги табылды.

Эстеликте Евгений Леонов “Жолдуу мырзалар” көркөм тасмасында жараткан ууру-рецидивисттин тулку бою колодон куюлган. Маалымат булактары "Доценттин" эстелиги кайра куруларын кабарлады.

Евгений Леонов кинодо 80ге жакын роль ойногон. Ал эми уурулар аралап кеткен эстеликте актер “Жолдуу мырзалар” ("Джентельмены удачи") тасмасындагы ууру-рецидивист "Доценттин" образында жасалган. Режиссёр Александр Серов тарткан кинокомедия 1972-жылы прокатка чыгып, аны ошол жылы эле 65 миллиондон ашык адам көргөн.

Эстеликте абакка эми келип орун алган "Доцент" сөөмөйү менен ортону айрыдай арбаңдатып, ага "сиздин ордуңуз жугундукананын жанында" деген Николай Питерский аттуу бандитти "алдагы жылтылдаган көздөрүңдү оюп коём" деп коркутуп жаткан учур таамай кармалган.

Каргыл үндүү, тегерек бет, чоң мурун, калың эриндүү Евгений Леонов “Жолдуу мырзалар” комедиясында ойногон экинчи каарман - балдар бакчасынын башчысы Евгений Иванович Трошкин. Бул фильмде Евгений Леонов ойногон эки каарман бири бирине каптап койгондой окшош.

Коло эстеликтин бийиктиги Евгений Леоновдун бою менен тең жасалып, анын бетинде фильмдеги "Доценттин" денесиндегидей ийне менен чегилген “Жашоо жыргал болуп баратат” деген да жазуу бар. Екатерина Чернышева жасаган эстелик Москванын атактуу Мосфильм көчөсүндөгү Жылдыздар аллеясында турчу.

Леонов театрда жана кинодо ойногон ролдорунда каармандардын образ-кейпин ушунчалык ишенимдүү жараткандыктан, кээде актер менен каарман бир адамдай туюлчу. “Күзгү марафон”, “Кин-дза-дза”, “Паспорт” жана башка фильмдерде актер тескери каармандардын ролун аткарганы менен алар көрүүчүнү жоомарттыгы, жөнөкөйлүгү жана элдик куулук-шумдугу менен өзүнө тартып турат. Анүчүн Леонов актёр жараткан терс образ жек көрүндү ноомарт эмес, эл күлүп эстеген бир “пенде”, “байкуш”.

"РИА Новости" агенттиги Москва полициясынын басма сөз өкүлү Андрей Галиакберовго шилтеп, атактуу актердун коло айкелин түн жамынып аралап кетүүгө тиешеси бар беш адам кармалганын, бир нече бөлүнгөн эстелик металл кабыл алчу жайдан табылганын кабарлады. Кээ бир маалыматтарда уурулар борбор азиялыктар экени айтылат.

Полициянын билдиришинче, уурулар эстеликти 40 000 рублге же 640 долларга жакын акчага сатышкан. Ал эми келтирилген зыян андан төрт эсе көп - 160 миң рублди түзөт. Металл кабыл алчу ишкана, маалыматтарга караганда, лицензиясынан ажыратылат кейпи.

Микела́нджело Буонарро́тинин "Түн" деген эстелиги. Италия.
Микела́нджело Буонарро́тинин "Түн" деген эстелиги. Италия.

Атактуу эстеликтерди уурдоо дүйнөдө сейрек көрүнүш эмес. Даниянын байтакты Копенгагендеги атактуу “Русалочка” ондогон жолу түрдүү чабуулга кириптер болгон, атүгүл уурдалган, араланган.

Бишкектин Эркиндик (мурдагы Дзержинский) бульварындагы Жоомарт Бөкөнбаевдин бюсту 1990-жылдардын башында металл уурдоо күчөп турган кезде уурдалып, постеменди жайдак калып, айкел бир нече жылдан кийин кайра орнотулган. Эмен багындагы заманыбыздын көйкашка дирижерлорунун бири Юрий Темиркановдун жезден жасалган эстелиги да бир жыл айланбай эле ууру-кескилердин колунан зыян тарткан.

Евгений Леоновдун эстелиги уурдалганга байланыштуу айтылган айрым пикирлер Орусияда монументалдык эстеликтер идеологияга ылайык жасалыш керек деп эсептеген адамдар арбын экенин көрсөттү.

Мамдуманын депутаты, башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү, кинорежиссер Станислав Говорухин "Доценттин" монументи 1990-жылдардын башындагы Орусияны шерменде кылган учурдун эстелиги, Евгений Леонов ууру-рецидивисттин эмес, өзү кинематографияда жараткан көп сандаган татыктуу бир каармандын образында жасалыш керек болчу дейт. Бул эстетикалык суроо. Бирок чыгармачылыкка идеологиялык принциптен караш керек дегендер Совет заманында эчендеген илимпоздорду, акын-жазуучуларды, художниктерди, ырчыларды куугунтуктоого, эчендеген эстеликтерди, мечит-чиркөөлөрдү кыйратууга шыкакчы болуп беришкени маалым. Мындай мисалдар советтик жана эгемен Кыргызстандын да тарыхында бир топ.

XS
SM
MD
LG