Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Орусия: Балдардын укугу үчүн ата-эне күрөшөт


Новосибирск шаарында 8 айлык Максимди каттоосу башка жерде болгону үчүн ооруканада дарылоодон баш тартып, ара жолдо ымыркай чарчап калган. Максимдин энеси интернеттеги блогдо бул тууралуу жазып, “Балага ден соолук” аттуу кыймылды негиздеген.

Волгоград шаарында дагы бир блогчу доктур анын баласын кантип дарылаганын жазып чыгып, анын чуусу ушул күнгө чейин басыла элек.

Ушундан улам коомчулук жакында эле баланы асыроо демилгесин көтөргөн президент Дмитрий Медведевге нааразылыгын билдирүүдө.

Өлкө башчысы Дмитрий Медведев федералдык жыйында жасаган жылдык кайрылуусунда балдар темасына токтолуп, “бала баарынан ардактуу” деп сөзүн жыйынтыктаган. Президент үчүнчү балалуу болгон үй-бүлөгө бекер жер бөлүү көрсөтмөсүн да берген:

- Биз энелер менен балдарга медициналык жана социалдык жардамды сапаттуу, жетишерлик деңгээлде беришибиз керек.

Адистердин айрымдары Сочидеги олимпиада, Формула-1 жана дүйнөлүк футбол чемпионаты өңдүү спорттук иш-чараларга Орусия бир топ каражат жумшабаганда бир топ баланын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болмок деп эсептешет. “Топ тебүүгө бала жок болсо кайдагы өнүгүү? Өлкөдө туулган бала санына салыштырганда өлгөндөрдүн саны артып турат” дешет алар.

Интернеттеги блогдордун биринде 2-декабрда Волгоград шаарынын тургуну Ян сыркоолоп калган ымыркайы менен кантип Москвага келип, Филатов атындагы ооруканада 2 апта жатып чыкканын күндөлүк түрүндө жазган. Үч жашка чейин бала менен энеси же атасы кошо жата алат деген мыйзамга ылайык, Яндын аялы менен баласын ооруканага чогуу жаткырган. Бирок ал жарым ай бою отургуч үстүндө уктап, отургуч үстүндө күн көрүп чыккан. Акы төлөп дарыланчу бөлмө күнүнө 7000 рубль сураган. Ушундай мисалдардан соң каттын ээси президентке кайрылып, “сиз жетекчисиз, бирок анда адамдар кандай жашап атканынан кабарыңыз жок жетекчисиз” деп сын айткан.

Дарыгерлердин шалаакы мамилеси Новосибирск шаарында да болуп, бул окуя Интернет аркылуу элге жайылып, акыры “Балага ден соолук” кыймылын негизделди. 8 айлык Максимдин катталган жери башка болгондугун бетке кармап, дарыгерлер кабыл алуудан баш тартканда, Максимдин ата-энеси алар катталган 60 чакырым аралыкта жайгашкан ооруканага бара жатканда бала чарчап калган.

4-декабрда 300гө жакын киши нааразылык акциясын өткөрүп, “Балага ден соолук” кыймылынын лидери Дарья Макарова жергиликтүн жана жогорку бийликке кайрылган:

- Эмне себептен биздин балдар ушундай шартта жашашы керек? Ушуну президентке айткыбыз келет. Мындай шарттын жоюлушун талап кылып, буга кимдер күнөөлүү болгонун билгибиз келет.

Кыймылдын демилгесин колдогон акциялар өлкөнүн башка шаарларында жайылууда. Бул күндөрү Новосибирскиде бала укугу боюнча акыйкатчы Павел Астахов жүрөт. Анын айтымында, дарыгерлердин ташбоорлугунун бети ачылса, аларды кызматтан четтетүү маселесин облустук саламаттыкты сактоо башкармасына коет.

Сыркоологон киши катталган дареги боюнча гана ооруканага кайрылууга акылуу деген мазмуундагы жаңы мыйзам 2013-жылдан тарта күчүнө кирмекчи.

XS
SM
MD
LG