Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Орусия менен Кытай тик учак чыгарат


Ташкенттеги саммиттен кийин эле Орусия менен Кытайдын президенттери Бээжинге жол тартышты. Эки өлкө башчылары энергетика жана өндүрүш тармактарында 50 миллиард долларлык ири келишимдерге кол коюшту.

Эми Орусияда тез жүрүүчү поезд жол курууну, эң ири тик учак чыгарууну Кытай ишке ашырмай болууда.

Орусия менен Кытай президенттери Ташкенттен чыгып сүйлөшүүлөрүн Бээжинде улантышты. Эки өлкө ортосунда 58 долбоор боюнча 50 миллиард долларлык ири келишимдерге кол коюлду. Алардын ичинде Кытай тарап Москва-Казань шаарларын байланыштыруучу жогорку ылдамдыктагы поезд жолун курмакчы. Тараптардын билдиришинче, бул долбоор бир жыл ичинде курулуп башташы керек.

Андан сырткары Кытай Сибирде мунай химиялык завод курмакчы. Ал заводдун 40% акциясына Кытай ээлик кылары азыртадан белгилүү болду.

Бул эки держава мындан ары дүйнөдө жок эң ири тик учак чыгарууну да биргелешип чыгармай болушууда. Кремлдин маалыматына караганда, жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча дүйнөдө жок супер тик учакты Орусияда Кытай чыгарса, орус тараптын адистери жаңы тик учакты чыгарууга тажрыйба жагынан көмөктөшмөкчү.

Бул келишимдерге кол коюуга Путинди коштоп Орусиянын үлкөн чиновниктери барышкан. Орус тарапты жогорку деңгээлде тосуп алган Кытай президенти Си Цзинпин Орусиянын бул жолку сапары Кытай үчүн ири жетишкендик болгонун билдирди.

- Эки өлкөнүн мамлекеттик мекемелери жана компаниялары ири келишимдерге кол коюшту. Президент Путиндин бул сапары мол жыйынтыктарды берди. Бул Кытай менен Орусиянын жалпы стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы импульс, жаңы динамика кошту.

Орус тарап болсо "Росснефтинин" 20% акциясын эми Кытайга сатат.

Адистердин айтымында, Орусия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин начарлап кетиши Владимир Путинди Кытай менен мурункудан да жакын болууга түртүүдө. Путиндин Бээжинге сапарында эки мамлекет экономикалык долбоорлор менен чектелишкен жок. Мындан ары Кытай журтуна орус телеканалдарынын көңүл ачуучу программалары да көрсөтүлө баштайт. Путин дүйнөлүк саясатта Орусия менен Кытайдын көз караштары бир болгонун айтты. Ал акыркы келишимдер эки өлкөнүн жеңиши болгонун белгиледи.

- Инвестициялык кызматташтык комиссиясынын кезектеги биргелешкен жыйыны 24-июнда өттү. Комиссия жалпысынан 50 млрд долларлык капиталдык салымы бар 58 түрдүү коммерциялык сунуштарды тандады.

Коопсуздук боюнча бир уюмга баш кошкон эки ири кошуна мындан ары ири экономикалык өнөктөш болушту. Бирок Орусия ири ресурстарын Кытайга карматып жиберди деген да пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG