Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Дед Хасандын өлүмүнөн кийин...


Орусияда “мыйзамдуу уурулардын” эң таасирдүүлөрүнүн бири - Дед Хасандын өлүмү кылмыш дүйнөсүн солкулдатышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ал Москвада 16-январда киши колдуу болгон.

Коомчулукка Дед Хасан деген каймана ат менен белгилүү Аслан Усоян 75 жашта болчу. Ал мурдагы Совет аймагындагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын эң таасирдүүсү деп мүнөздөлчү.

Дед Хасанга буга чейин да кол салынып, бирок ал аман калган эле. Акыркы кол салууда анын өмүрүн жансакчылары да, дарыгерлер да сактай алган жок. Бул ирет кримавторитет Москванын борборундагы Поварский көчөсүндөгү ресторандын алдынан бийиктен мээлеген снайперден ок жеди.

Эми анын өлүмүнөн кийин бери дегенде Орусиянын кылмыш дүйнөсүндө жаралган боштук кылмыштуу топтордун ич ара согушуна алып барышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Дед Хасан өлтүрүлгөн жер
Дед Хасан өлтүрүлгөн жер
Марк Галеотти - АКШдагы Нью-Йорк университетинин эл аралык маселелер боюнча профессору, Орусиядагы кылмыштуулук боюнча адис. Анын айтымында, Дед Хасандын киши колдуу болушу пост-советтик мейкиндиктеги кылмыш дүйнөсүндө тең салмактуулук бузулуп калган учурга туш келип отурат:

- Кылмыш дүйнөсүндө 2008-жылдагы каржылык кризистин таасиринен жана Сочидеги Кышкы олимпиаданын курулуштары жараткан кош мүмкүнчүлүктөн улам туруксуздук азыркыга чейин өкүм сүрүп келген. Буларга кошумча азыр төрттөн үч бөлүгү Орусия аркылуу өтүп жаткан ооган героини бар. Мунун баары Орусиянын кылмыш дүйнөсүндөгү олку-солкулук күчтүү экендигин каңкуулап турат.

Орус басма сөзүнүн жазганына караганда, Дед Хасанга караштуу кылмыш топтору Орусиянын Түштүк жана Борбордук бөлүгүндөгү мыйзамдуу да, көмүскө да бизнести калкалайт.

Талдоочулар 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасына карата курулуштун күчөшү да кылмыш дүйнөсүнүн көзүн кызартканын белгилешет. Орусия жалпысынан Олимпиадага даярдык көрүүгө 18 миллиард доллар сарптаганы жатат.

Москвадагы Панорама иликтөө уюмунун аналитиги Владимир Прибыловски:

- Кылмыш дүйнөсү бул Олимпиадага көп акча коротту. Акчаларын Хасан аркылуу салды деген ушак-айыңдар болгон. Андыктан анын өлүмү боюнча бир нече божомолду айтууга болот. Балким кимдир бирөө Олимпиадага тоскоолдук жасоону каалады. Экинчилери Хасан аркылуу акча уурдагысы келгендир. Бул жерде эч саясат жок, бардыгы акча менен гана байланыштуу.

Ал эми наркосоода кылмыш дүйнөсүнө алып келип жаткан акчанын көлөмүн айтуу мүмкүн эмес. Бирок Орусиянын Ички иштер министрлигинин айрым расмий өкүлдөрү наркобизнестин кирешеси быйыл кылмыш дүйнөсүнүн калган бардык ишмердигинен тапкан акчага барабар болорун билдиришкен жери бар.

Кримсогуш башталдыбы же аяктадыбы?

Дед Хасандын өмүрүнө буга чейин 1998-жылы Сочиде, 2010-жылы Москвада кол салуу болгон эле.

Улуту боюнча грузиялык күрд Хасан, маалыматтарга караганда, грузиялык “мыйзамдуу ууру” Тариэл Ониани же каймана аты Таро менен таасир көрсөтүү чөйрөсү үчүн кеминде 2007-жылдан бери атаандашып келаткан. Таро учурда абакта он жылдык түрмө жазасын өтөп жатканы менен өзүнүн кылмыш түйүнүн ал абакта жатып алып көзөмөлдөйт.

Дед Хасандын мындан сырткары азери кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Ровшан Жаниев, грузиялык кримавторитет Захар Калашов менен чатагы болгон.

Орусиялык “Вести” телеканалы кабарлагандай, кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары Дед Хасандын өлүмүнөн кийин дароо эле Москвадагы ресторандардын биринде кырдаалды талкуулоо үчүн “сходкага” жыйналышкан, бирок мунаса табышпагандай.

Орусиядагы кылмыштуулук боюнча америкалык адис Марк Галеотти:

- Бул окуя кылмыш дүйнөсүндө чындап эле чыңалуу жаратат. Усояндын (Дед Хасандын) кыймылын ким колго албасын, ал катаал жана таасирдүү экендигин көрсөтүүгө умтулат. Мунун эң реалдуу жолу - жооп иретинде сокку уруу. Демек биз канга-канга деген өлтүрүүлөргө күбө болушубуз толук мүмкүн.

Орус бийлигинин өкүлдөрү болсо жергиликтүү маалымат агенттиктерине берген комментарийлеринде Дед Хасандын киши колдуу болушун мафиялар ортосундагы согуштун башталышы эмес, аякташы катары мүнөздөштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG