Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Токойдогу өрт Орусиянын шайын оодарды


Сибирь.
Сибирь.

Орусиянын Сибиринде үч миллион гектардан ашык токой бир нече аптадан бери өрттөнүп жатат.

Тилсиз жоо Красноярск крайынан баштап Иркутск, Хабаровск, Архангельск облустарында, Камчатка, Карелия аймагында, Алтай, Буриятия, Якутия, Коми республикасында катталды. Үч аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды, 800гө жакын калктуу конушту кара түтүн каптады.

Орус бийлиги дээрлик эки жумадан ашык табигый кырсык менен күрөшүүгө сарпталган чыгым акталбай турганын айтып, Сибирь менен Ыраакы Чыгыштагы токой өрттөрүн токтотууга чара көрүүдөн баш тартып келген.

«Бул кадимки эле табигый көрүнүш, күрөшүүдөн пайда жок, зыяны көбүрөөк болушу мүмкүн», деп Красноярск крайынын губернатору Александр Усс Сибирдеги өрт эмне себептен өчүрүлбөй жатканын түшүндүргөн.

31-июлда гана Коргоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Красноярск крайына он учак жана он тик учак жөнөтүп, өрт өчүрүүгө аймактардан аскер кызматкерлери тартыла баштаган. Азыр өрт өчүрүү иштерине 3 миңге жакын адам, 390 техника, 28 аба кемеси катышууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Сергей Абанин аба ырайына байланыштуу аймактарга өрт коркунучу тууралуу эскертилгенин белгилейт.

«Сибирдин аймактарына министрликтин, Росгидромет, Рослесхоздун божомлдору жөнөтүлгөн. Бирок ал жакта өрттүн алдын алуу жана өрт очокторун басуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес».

Ал эми «Гринпис» эл аралык уюму Сибирдеги жагдайды «экологиялык катастрофа» деп баалоодо. Уюмдун Орусиядагы бөлүмүнүн өкүлү Григорий Куксин кырдаалды жөнгө салууга кеч болуп калганын айтты.

«Учак менен суу таштоо өрт менен күрөшүүдө башкы чара эмес. Бул көп жакшы натыйжа бербейт. Аны колдонуу да туура, бирок токойду коргоо авиациясынын адам күчү жумшалышы керек. Эгерде мындай чаралар бир нече жума мурда көрүлө баштаганда абал башкача болмок. Азыркы аракеттер эми кырдаалды өзгөртпөйт. Мындай күч менен калктуу конуштарды гана коргоп, айрым бир аймактарда гана өрттүн жайылышын токтотууга мүмкүн. 95 пайыз аянтта өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой калды, ага деле аракет кылышпайт.

Токой чарбасы боюнча федералдык агенттиктин маалыматы боюнча учурда 100 гектар жерде өрт өчүрүү иштери жигердүү жүргүзүлүүдө. Бул тилсиз жоо каптаган аймактын 3 пайызын гана түзөт.

Сибирде токойлор өрттөнүп, жандыктар өлүп, жергиликтүү калкка зыяны тийип жатканы тууралуу бир дагы федералдык телеканалда маалымат берилбегенине, бийлик эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы болгон активисттер Интернетте петиция түзүп, ага 800 миңден ашуун кол коюлган.

Голливуд жылдызы, эко-активист Леонардо Ди Каприонун Сибирдеги абал боюнча тынчсызданып жазган макаласы «The Guardian» гезитине жарыяланды.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп да Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, токойлордогу өрттү өчүрүүгө жардам сунуш кылганы 1-августта маалым болду. Кремлдин басма сөз кызматынын билдиришинче, Путин Трампка ыраазычылык билдирип, «жардам керек болсо, кабыл аларын» айткан.

Ал эми Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Башкы прокуратура менен Тергөө комитетине "Сибирдеги токой атайын өрттөлдү" деген божомолду иликтөөнү тапшырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG