Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:52

Орусия футболдогу расизм үчүн сынга кабылды


Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрөрүнө үч жыл калганда Орусия өзү ички чемпионаттагы оюндар учурунда катталган расизм жана дискриминациялык чакырыктар үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылууда.

Европа футболуна байкоо жүргүзгөн топтор орусиялык футбол жетекчилерин проблеманы чечүү үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп айыпташууда.

Кавказдык жана борборазиялык футбол командаларга карата расизм мазмундуу ырлар, кемсинткен плакаттар жана дискриминация, ал гана эмес, кээ бир учурда күч колдонуу - Орусиянын айрым футбол талааларында кеңири тараган көрүнүш. Мындай пикирди футболдогу расизмге каршы турууга чакырган активисттер билдиришүүдө.

Орусиядагы жана Чыгыш Европадагы футбол оюндары боюнча эксперт Павел Клименко Орусия футбол союзунун жетекчилери проблеманын актуалдуулугун атайылап төмөндөтүүдө же көрмөксөнгө салууда деп сындады. Расизм же дискриминация адатта футбол клубдарынын күйөрмандары тарабынан жасалат.

"Орусия футбол союзу расизм боюнча айрым футбол клубдарына карата санкцияларды кабыл алды. Бирок сиздер жазалоолор ырааттуу жүрбөгөнүн жана дайыма болбогонун көрө аласыздар", - деди "Футбол Европадагы расизмге каршы" уюмунун илимий кызматкери Павел Клименко.

Орусиялык футбол күйөрмандарынын нацисттик чакырыктары
Орусиялык футбол күйөрмандарынын нацисттик чакырыктары

Аталган уюмдун докладында эки жылдык футбол сезонунда Орусияда 200дөн ашык расизм же дискриминациялык учурлар катталган. Клименко чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн деп божомолдойт. Анткени бөлүп-жаруучулук максаттан улам чыккан көп чырлар катталбай кала берет деген ойдо. Аталган баяндамада футбол оюндарында кавказдыктарга байланыштуу 22 факт, ал эми региондон келгендерге улутуна карап кол салган 15 учур болгону айтылат.

Акыркы чыр Орусия биринчилиги үчүн бак талашып жаткан махачкалык "Анжи" жана москвалык ЦСКАнын 1-августта Москвада өткөн оюнунда катталды. Түндүк Кавказдагы Дагенстандын бул футбол клубунун айтымында, алардын командасы жана күйөрмандары ЦСКАнын коштоочуларынын күчтүү басымына жана кемсинтүүсүнө кабылышкан. Оюн учурунда кавказдыктарды кемсинткен сөздөр айтылып, москвалык команданын күйөрмандары “Анжинин” эмблемасындагы бүркүттүн ордуна тооктун башын тартып, “Жаныбарлар планетасы” деген жазуусу бар плакатты көтөрүп турушкан.

3-августта Анжинин башкы директору Сергей Кораблев атайын билдирүү менен чыгып, Орусиядагы "фанатизмди" токтотууга чакырды.

Орусиялык футбол күйөрмандары
Орусиялык футбол күйөрмандары

“ЦСКАнын күйөрмандарынын ырларында биздин клубду жана күйөрмандарыбызды кемсинткен сөздөр болду. Бул этникалык негиздеги кастыкты жаратат” деди Сергей Кораблев.

5-августта Орусия футбол союзунун көзөмөл-тартип комитети ЦСКА командасына кавказдыктарды кемсинткен күйөрмандарынын плакаты үчүн 7800 доллар айып пул салды. 1-августтагы оюнда москвалык команда 1-0 эсебинде уткан болчу.

ЦСКА өз күйөрмандарынын расизмге жанан дискриминацияга чакырган аракеттери үчүн буга чейин да жазаланган. УЕФАнын чечими менен былтыр алар Чемпиондор лигасындагы тайпалык оюндарда үч оюнду күйөрмандарысыз ойногон. Ошондой эле 200 000 евро айыппул төлөп, Европа турнириндеги башкы оюндарына да күйөрмандары катыштырылган эмес.

Орусиядагы жана Чыгыш Европадагы футбол оюндары боюнча эксперт Павел Клименконун оюнча, Орусияда кавказдык оюнчулар африкалык оюнчуларга караганда көбүрөөк кысымга туш болушат.

- "Анжи" же "Терек" сыяктуу кавказдык командалар Москвага, Санкт-Петербургга же Орусиянын башка жерлерине барганда жаңжал жаралары чын. Бул кавказдык командаларды да аларга каршы ойноп жаткан командаларга карата жооп берип, ксенофобиялык ырларды ырдоого түртөт.

Клименконун айтымында, Орусиядагы футбол оюндарындагы улутчул-фанаттардын расизмге жана бөлүп жарууга чакырган аракеттеринин басаңдабаганына алардын жазасыз калып жатканы да негиз берүүдө.

XS
SM
MD
LG