Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Казан универсиадасы: Айсулуу коло байге утту


Казан универсиадасынын ачылыш аземинен, 6-июль, 2013.
Казан универсиадасынын ачылыш аземинен, 6-июль, 2013.

14-июлда Казанда универсиадасында кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова коло медалга татыды.

14-июлда Казанда эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуулары жыйынтыкталды. Мында 59 кило салмактагы жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы литвалык Индра Бубеляйтени утту.

Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу атаандашын 4:0 эсебинде утуп алганда үмүт жанган. Бирок чейрек финалга чыгуу үчүн таймашта азербайжандык Юлия Раткеевичке 3:1 эсебинде алдырып койду. Оңдой берди болуп Юлия Раткеевич финалга чыккандыктан Айсулууга үчүнчү орунга талапкер болуу үчүн жол ачылды. Ал монголиялык Мухтуя Тунгалаг менен күрөшүп, аны да утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова орусиялык Жаралма Цыренова менен коло байге үчүн күрөштү. Жыйынтыгында Айсулуу атаандашын 3:1 эсебинде утуп, универсиаданын коло байгесине арзыды. Бул ирет кыздардын эркин күрөшүндө Кыргызстандан универсиадага жалгыз Айсулуу Тыныбекова катышты.

Жигиттердин күч сынашуусунда жеңил салмакта Самат Надырбек уулу финалга чейин жетип, универсиада оюндарынын күмүш байгесине арзыганын эсиңиздерге сала кетели.

15-июлда быйыл универсиада оюндарынын программасына жаңы кошулган орустардын самбо күрөшү боюнча таймашуулары улантылат. 14-июлда кыргызстандык самбо спорт чеберлери ийгилик жараталбады. 48 кило салмакта Анара Жумалы кызы, 60 кило салмакта Бурул Алыкулова жана 72 кило салмакта Элзат Абыласан кызы байгелүү орунга илинбей калды.

Жигиттерден 68 кило салмакта Элдияр Жаркынбай азер балбаны Эмил Хасанов менен атаандашып, жеңилүү ызасын тартып калды.

Сууда сүзүүдө Дамир Давлетбаев, Лондон олимпиадасынын катышуучулары Дмитрий Александров жана Дарья Таланова байгелүү орунга илинбей калды. Ок атуу мелдештерине катышкан кыргызстандык мергендер деле финалдык топко кирбей калды. 15-июлда мылтык атууга да мерген Руслан Исмаилов мелдешке катышканы турат.

Тогуз күндүк мелдештердин жыйынтыгы боюнча, командалык биринчиликти Орусиянын тандалма командасы колдон чыгары элек. Алар учурда 190дон ашуун медалдын ээлери болушту. Анын 100гө жакыны алтын байге. Кечээки мелдештердин жыйынтыгы боюнча, экинчи орунга кайрадан жапониялыктар чыкты. Учурда алардын 16 алтын, 20 күмүш, 19 коло байгеси бар. Үчүнчү орунга жылып калган Кытайдын 48 медалы болсо, анын 16сы алтын, 20сы күмүш, 12си коло байге. 4-орунда Түштүк Кореянын студент спортчулары келатат.

Универсиадага катышып жаткан 162 мамлекеттин ичинде Кыргызстан 20-орундан төрт тепкич артка жылып калды. Ошентип универсиаданын тогуз күндүк мелдештеринин жыйынтыгында кыргызстандыктар 2 алтын, 2 күмүш, 7 коло медалы менен 24-орунда турат.

15-июлда күйөрмандардын үмүтүн жандырган грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар башталат. Федерациянын вице-президенти Кулболду Исаевдин пикиринде, анда Жанарбек Кенжеев, Атай Койчукулов, Элдияр Бегалиев, Мурат Романов баштаган жигиттер байгелүү орундарга жетип калышы мүмкүн.

"Самбо күрөшүнөн дагы кыргызстандык балбандар ийгилик жаратышы ыктымал", - дейт федерациянын президенти Нурлан Токоноев.

Казандагы универсиада оюндары 17-июлда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG