Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Ходорковский эркиндикке чыкты

Ходорковский отурган колонияга кеткен жолду ОМОНдун кызматкерлери кайтарышууда. Карелия, 20-декабрь, 2013-жыл

Орусиялык мурдагы олигарх Михаил Ходорковский Карелиядагы колониядан чыкты.

Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Клювгант айрым маалымат каражаттарына билдирди. Ага чейин ИТАР-ТАСС Орусиянын Федералдык жаза өтөө кызматына шилтеме жасап, Ходорковский президенттин ырайымын алгандан кийин жаза өтөөдөн бошотулганын кабарлаган.

Жума күнү эртең менен президент Владимир Путин Ходорковскийге ырайым берүү жарлыгына кол койгону маалымдалган. Президенттин жарлыгында айтылгандай, ырайым гумандуулук принцибине таянып берилди. Мамлекет башчынын маалымат кызматы жарлык кол коюлары менен күчүнө кирет деп белгилеген.

Ушул эле күнү Ходорковскийдин апасы Марина уулу абактан качан чыгаары жөнүндө беймаалым экенин “Дождь ТВ” каналына курган маегинде айтып, Путиндин анын саламаттыгы начар деген сөздөрү чын экенин кошумчалады.

ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчисине ырайым берүү чечими тууралуу президент Владимир Путин 19-декабрдагы пресс-конференциядан кийин жар салган.

- Жакында эле ал мага ырайым сурап кат жазган. Ал 10 жылдан ашуун түрмөдө отурду, бул – олуттуу жаза. Апасы оорулуу экенин айтып, ушул жагдайды эске алышымды өтүндү. Мен гуманитардык жүйөнү эске алып, тиешелүү чечим кабыл алса болот деп ойлойм жана жакын арада Ходорковскийге ырайым берүү жарлыгына кол коюлат.

ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчисинин жаза мөөнөтү 2014-жылдын 23-августунда аяктамак. Өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен Ходорковский акыркы кезге чейин президентке ырайым сурап кайрылуудан баш тартып келген. Абактан берген интервьюларында ал бийлик күнөөсүн мойнуна алса гана ырайым берилет деген шарт койгонун айткан. “Бирок жасабаган кылмыш үчүн күнөөнү кантип мойнума алам”, - деген Ходорковский.

ЮКОСтун мурдагы адвокаты, өзү 3 жыл абакта отуруп чыккан Светлана Бахмина "Азаттык" радиосуна курган маегинде Ходорковскийдин ырайым сурашына жакындарынын саламаттыгы гана түрткү болушу керек деген оюн айтты:

- Түрмөдөн кайсы себептен улам чыгаары маанилүү эмес, тезирээк чыкса эле болду. Эч кимге түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес. Жылдардан бери өзүнө да, башкаларга да көп нерселерди далилдеп келди. Эми болсо үй-бүлөсү менен чогуу болуусу маанилүү. Менимче, анын ырайым сурашына жакындарынын ден соолугуна кабатырлануусу гана мажбурлады. Албетте бул абдан өкүнүчтүү.

“Коммерсант” гезитинин жазганына караганда, 50 жаштагы Ходорковский арызын атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин берген. Маалыматка ылайык, адвокаттарсыз өткөн жолугушууда алар рак менен ооруган апасынын абалы начарлаганын жана ЮКОСтун жаңы кылмыш иши тууралуу кабардар кылышкан.

Дагы бир булактар болсо компаниянын ээлеринин бири Платон Лебедев да ырайым суроо мүмкүнчүлүгүн адвокаттары менен талкуулаганы жатканын жазышууда.

Орусиянын ири мунай компаниясын жетектеген Ходорковский өлкөнүн эң бай адамдарынын бири катары эсептелчү. Ишкер 2003-жылы салык жашыруу айыбы менен камалган. 2010-жылы экинчи сот процессинде Лебедев менен кошо көз боёмочулук үчүн күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Москва шаарынын соту жаза мөөнөтүн 11 жылга чейин кыскарткан.

Ходорковскийдин тарапкерлери Кремль анын оппозициядагы саясий партияларга каржылык колдоо көргөзүшүн жактырбаганын, сот ишинин артында саясат турганын айтып келишкен.

Ходорковский: бизнес, түрмө, эркиндик

Ходорковский камалардан бир ай мурда ЮКОСтун штаб-квартирасында отурат. Москва, 2003-жылдын июнь айы. 
1/8 Ходорковский камалардан бир ай мурда ЮКОСтун штаб-квартирасында отурат. Москва, 2003-жылдын июнь айы. 
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковскийди сотко алып баруу. Москва. 23-декабрь, 2003-жыл.<br />
2/8 Ходорковскийди сотко алып баруу. Москва. 23-декабрь, 2003-жыл.
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковскийдин жактоочулары Москва сотунун алдында. Amnesty International эл аралык уюму Ходорковскийди &nbsp;&quot;абийир туткуну&quot; деп атаган. 15-январь, 2004-жыл.
3/8 Ходорковскийдин жактоочулары Москва сотунун алдында. Amnesty International эл аралык уюму Ходорковскийди  "абийир туткуну" деп атаган. 15-январь, 2004-жыл.
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковский Чита облустук сотунда. Ал түрмөдө жаткан кезде ЮКОС таратылып, дээрлик мамлекет карамагына өтүп кеткен. Чита, 2008-жылдын октябры.&nbsp;
4/8 Ходорковский Чита облустук сотунда. Ал түрмөдө жаткан кезде ЮКОС таратылып, дээрлик мамлекет карамагына өтүп кеткен. Чита, 2008-жылдын октябры. 
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковский менен Лебедев сотто. Москва. 11-январь, 2010-жыл.
5/8 Ходорковский менен Лебедев сотто. Москва. 11-январь, 2010-жыл.
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковскийдин адвокаты Елена Лукьянова (сол жакта) менен кызы Анастасия Ходорковская &laquo;Знамя&raquo; журналынын ага берген сыйлыгын алуу үчүн келишкен. 2010-жылдын январы.&nbsp;
6/8 Ходорковскийдин адвокаты Елена Лукьянова (сол жакта) менен кызы Анастасия Ходорковская «Знамя» журналынын ага берген сыйлыгын алуу үчүн келишкен. 2010-жылдын январы. 
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Солдон оңго Ходорковскийдин жубайы Инна, кызы Анастасия жана апасы Марина Ходорковская. Москва. 30-декабрь, 2010-жыл.
7/8 Солдон оңго Ходорковскийдин жубайы Инна, кызы Анастасия жана апасы Марина Ходорковская. Москва. 30-декабрь, 2010-жыл.
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Ходорковскийдин китебинин бет ачар аземи. Москва, 2011-жылдын январы.&nbsp;
8/8 Ходорковскийдин китебинин бет ачар аземи. Москва, 2011-жылдын январы. 
19-декабрда президент Путиндин кечирими менен 11 жылга чукул түрмөдө отурган Михаил Ходорковский эркиндикке чыкты. Бир кезде “Орусиядагы эң бай адам” деп саналган, ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси менен анын орун басары Платон Лебедев 2003-жылы “салык төлөөдөн качкан жана көз бөёмочулук кылган” деген айып менен камакка алынган. Алар 2010-жылы “арам акчаны адалдоо” айыбы боюнча дагы бир жолу соттолгон.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG