Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Краснодарды суу каптады


Орусияда суу ташкынынан 146 адам набыт болду. Жалпысынан 12 миңдей киши жабыр тартканы айтылууда.

Президент Владимир Путин өлкөнүн түштүгүндө суу ташкынынан катуу жабыркаган Краснодар крайын кыдыргандан кийин элге кырсык жөнүндө алдын ала эскертүү канчалык туура берилгенин текшерүүнү талап кылды.

Көп адамдын өлүмүнө ал жердеги суу сактагыч жырылып кеткени себеп болсо керек деген имиштерди Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги четке каккан.

Краснодарда эртеңки күн өлгөндөргө аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандарга компенсация берүү эртеңден башталат.

Кара деңиздин боюнда кырсыктан улам жабылган Новороссийск порту бүгүн ачылат дешкен.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG