Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Екатеринбургда мигранттарга кол салуу күчөдү


Екатеринбург шаарынан бир көрүнүш.
Екатеринбург шаарынан бир көрүнүш.

Екатеринбург шаарында бир жумада кыргызстандык эки эмгек мигранты өзгөчө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлдү.

Экөөнүн тең өздүк буюмдары каракталбагандыктан улам, мындай ырайымсыздык менен адам өлтүрүү улутчул-такырбаштардын колунан келиши мүмкүн деген божомолдор чыгууда. Анткени талдоочулар адатта улутчулдар апрель айында жанданаарын мисал келтиришип, бычакталган кыргыз мигранттары алардын акцияларынын кезектеги курмандыгы болушу мүмкүн деген жүйөө келтирүүдө.

Бир үйдүн жалгыз тиреги эле

4-апрелде Екатеринбург шаарынын Пехотинцев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан канга чыланган Кыргызстандын жараны Тынчтыкбек Сатар уулунун сөөгү табылган. Соттук-медициналык экспертизада анын денесине 93 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Жыйырма жаштагы Тынчтыкбек Оштун Кара-Суусунан барып, Екатеринбургдагы кафелердин биринде күзөтчү болуп иштеп жаткан.

Анын Екатеринбургдагы айылдаштарынын бири Турдали Мусурманкулов Тынчтыкбекке табышмактуу жагдайда кол салуу болгонун айтат:

- Түнкү саат он экиде күзөттөгү кызматын тапшырып чыкканда аны ишканасынын автоунаасы алып келип кабат үйдүн алдына чейин жеткирген. Мына ошол үйдүн жашоочулары эч кандай шектүү жагдайлар болбогондугун жана уруш-талаштын шооратын байкашпагандыгын айтышты. Менимче, окуя Тынчтыкбек ичкери киргенде, подъезддин ичинде болгон. Кылмышкерлер аны ичкериден күткөн деген жыйынтыкка келип жатабыз.

Такырбаштардын изи менен...

Тынчтыкбек Сатар уулу ата-энесинен эрте ажырагандыктан курбуларына салыштырмалуу эрте жетилип, Кыргызстанда калган ини-карындаштарын караган үй-бүлөнүн жалгыз тиреги болчу, дешет анын жердештери. Анын жанынан уюлдук телефону жана өздүк буюмдары табылган. Мындан улам Тынчтыкбек улутчул-такырбаштардын колуна түшүп калган болсо керек деген күмөн саноолор бар.

Бирок Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулунун милдетин аткаруучу Гүлнур Нарматова тергөө аятагыча бир жактуу бүтүм чыгарууга эрте деген оюн ортого салды:

- Биздин консулдук округдун аймагында улутчул маанайдагы кыймылдардын бар экени буга чейин байкалган эмес. Ошондуктан жанагы такырбаштардын колунан биздин жарандар өлтүрүлгөн бир дагы учур катталган эмес. Алар Орусиянын Москва жана Питер сыяктуу шаарларында иш алып барышчу. Эми бирок жанагыдай божомолдор айтылып жатат. Бирок ага далил жок. Тергөө аягына чыккандан кийин гана чындыгында эмне болгонун билебиз го...

Бул кылмыш иши кийинки он күн аралыгында Екатеринбургдагы кыргызстандык мигранттарга карата жасалган экинчи кол салуу. Анткени өткөн март айынын аягында Екатеринбург шаарынын Бардина көчөсүнөн отуз төрт жаштагы баткендик Сапарбай Жолдошалиевди бычактап кетишкен. Анын денесине да он бештен ашуун бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Уюмдашкан улутчул күчтөр барбы?

Екатеринбурдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Канат Жорубаев Орто Азиядан барган мигранттардын арасында уюшкан улутчул-кылмыштуу топтор пайда болду деген имиштер тарап жатканына токтолду:

- Мына ошондой топтордун пайда болгонуна бир айдай болуп калды деп жатышат. Алар атайын уюшуп алышып, кеч калган же жалгыз жарым жүргөн кыргыз мигранттарына "ууга" чыгууга ыңгайланышкан деген сөздөр бар. Бирок буга азырынча кандайдыр бир далил жок. Бирок алардын өзгөчө мыкаачылык менен өч алууга ыңгайлангандай иштешкени атайын максат менен иштеп жатканынан кабар берет.

Учурда мына ошол эки окуя боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу киши колдуу болгон эки жигиттин жасатын Кыргызстанга жеткирүүнү уюштурушкандыгын белгиледи.

Консулдуктун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Орусиянын Свердлов облусунда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын ичинен алты адам киши колдуу ажал тапкан. “Сова” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, өткөн 2011-жылы Орусияда славян эмес түспөлдөгү 185 адамга кол салуу болгон. Анын жарымына жакынын Борбор Азия жана Кавказдан баргандар түзөт.

XS
SM
MD
LG