Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Орус мафиясы: "Зарыл болгон миф"


Алимжан Тохтакунов
Алимжан Тохтакунов

АКШдагы ЦРУ, Федералдык тергөө бюросу өңдүү күч кызматтары жакында дүйнөдөгү эң коркунучтуу кылмышкеринин катарына Орусияда Тайванчик деген ылакап ат менен таанылган Алимжан Тохтахуновду да кошту.

Тайванчик же Алижан Тохтахунов учурда «Жергиликтүү футбол фондун» жетектейт. Мурдараак ал Москвадагы “Метрополь”, “Европа” жана “Азия” деп аталган казинолордун жетекчилеринин бири болуп турган.

2002-жылы Кошмо Штаттарындагы Солт-Лейк-Ситиде кышкы Олимпиададагы жаңжалда анын ысмы кеңири таанылды окшойт. Американын тергөө кызматтары аны көркөм муз тебүүдө калыстарды сатып алган болушу мүмкүн деп, кылмыш ишин козгошту.

Ошол эле жылдын августунда Тохтахунов Италияда кармалган. Бирок аны АКШга өткөрүп берүү боюнча чечим кийинчерээк жокко чыгарылат. АКШдагы кылмыш иши жабыла элек, “Интерпол” Тайванчикке эл аралык издөө жарыялаган.

62 жаштагы Тохтахунов өзү - өзбекстандык, Ташкенде төрөлүп өскөн. Кийинчерээк аны ондогон жылдар бою Орусияда спорт, шоу-бизнестин жылдыздары менен көрүп калышты.

1990-жылдары бизнес менен алектенет, Европадан Орусияга тамак-аш азыктарын, арак, чылым ташыган чоң бизнеске аралашат. Орус маалымат каражаттарында аны алигече “криминалдык авторитеттердин” бири катары атап жүрүшкөнү бар.

“Азаттыктын” орус редакциясы менен маегинде ал өзүнүн бизнесин кадимки эле карта ойноодон баштаганын айтты.

“1989-жылга чейин мен машыккан карта ойноочу болдум. Кийин досторум баары ар жакка кетип калышты, - дейт Тохтахунов. - Өзүңүз билесиз, кооперативдердин мезгили болчу. Биз анда бизнес кылышты билген эмеспиз, анткени советтик мыйзамдар менен чоңойгонбуз. Советтер Союзунун учурунда бизнесмендерди чайкоочулар дешчү. Ал эми биз - карта ойногондор - аларды “кызыл кулактык кылып жатат” деп жаман көрчүбүз, саткындар деп ойлочубуз”.

Тохтахунов картаны акчага ойношконун, алардын арасында ар кайсыл тармактагы байлар да болгонун айтты. Ал учурунда “жатып ичерлик” же “арам тамактык” үчүн айыпталганын (Советтер Союзунун Кылмыш кодексинин 209-беренеси - “жатып ичерлик”), аны кыш жасаган заводго жиберишсе, иштебей койгон экен. Учурунда Иосиф Бродскийди да бекерчилик үчүн айыпташканын кошумчалады.

Алимжан Тохтахунов: Бродскийди да “жатып ичерлик” үчүн айыпташкан. Анын тагдыры, негизи, меникине окшош, - дейт Тохтахунов. - Ал дагы кийин мага окшоп чет өлкөгө кетип калды. Бирок ал четте Нобелдин сыйлыгын алса, мен “мафиячы” деген атка конуп калдым. Менин жеке пикирим, 1980-жылдардын этегинде, 1993-94-жылдары эч кайсыл мыйзам, эч нерсе иштебеген учур болду. Москвага 1993-жылы келгенимде Тверская көчөсүндө козу-карын, консерваларды, токулган байпактарды сатып отургандарды көрүп, кудум, согуш учурундагыдай абал келгенине таң кала жакамды кармаганым эсимде.

Балким, бийлик деген жок учур болсо керек. Ошондо колунда акчасы барлар чет мамлекеттерге чыгып кетишкен. Акчалуу адамдар качып кетпесин деп күч органдары “орус мафиясы” жөнүндө мифти таркатышса керек. Ошол мафия менен күрөшүү бөлүмдөрүн ачышты. Ал адамдар да эптеп өлкөдөн чыгып кеткиси келгендер эле. Анан аларга: “Мафияңардын аттарын айткыла”, - дешет. Кимди айтышмак эле эч ким болбосо? Эч кандай ысымды атай алышпайт. Ысым кимде бар? – Менде. Ким эмне үчүн билгенин түшүнөрсүз. Анан дагы бир-эки адамдын ысмын кошуп, араң 10 адамды айтышат.

Анын үстүнө, мен эч кимден жашынган жерим жок да. Ачык жашадым. Аларга ошол эле керек. Менде акчам бар, каалашымча короттум. Алар: “Акчаны каяктан алдың?” – дешет. - Иштеп тапкам. “А сиз каерде салык төлөгөнсүз?” - Эч жерде. “Эмнеге төлөгөн эмессиз?” дешет, а мен айтам: “Анткени бизде мыйзам болгон эмес”. Анан алар: “Салыкты бизге төлөңүз”, - дейт, “А эмне үчүн силерде төлөшүм керек? Мен аны өзүмдүн өлкөмдө тапкам”, - дейм. Эмне үчүн акчаны мен банкта сактабаганыма кызыгышат. “Анткени бизде банк болгон эмес да”, - дейм. Банктар тонолгон, жабылган. Ушундай мезгил эле. Менин жообум аларга жакпайт. Анткени мен аларга жаккандай сүйлөшүм керек болчу.

“Азаттык”: Ошентип анан 2002-жылы Олимпиададагы чатакта атыңыз аталып калды...

Алимжан Тохтахунов: Кудайга шүгүр деш керек, андай мезгилди да баштан өткөрдүк, өтүп кетти. Чоң жаңжал болду, ошондуктан журналисттер да көп кайрыла башташты. Бирок мен дайыма айтчумун: “Кантип эле мен буга катышып калайын? Олимпиадада алтын медалды сатып алуу деген такыр мүмкүн эмес!”, - дечүмүн. Мен ал жакта болгон эмесмин. Эгерде менин телефонумду тыңшаганы чын болсо, андай иштерге барбаганымды билишмек. Балким, кимдир бирөөгө: “Биздикилер сөзсүз утат” же “Мен биздикилер жеңет деп ишенем”, - деп койсом керек. Анан ошондой сөздөр мага каршы айып такканга негиз бере алабы? Анын үстүнө, мен өзүмө-өзүм “Аларды сатып алдым” деп айткан күндө деле ал факт болуп калмак беле? Бул эмне дегендик?

“Азаттык”: Сиз Москвада саясатка аралашайын деп аракет кылып көрбөдүңүзбү?

Алимжан Тохтахунов: Мен саясатка азыр деле бармакмын, бирок билем, алар мени баары бир алышпайт. Чынын айтсам, мен, азыр бийликте отурган толтура жалганчы-бекерчилерге караганда, мамлекетке алда канча көбүрөөк жардам кылмакмын. Муну мен билем. Анткени мен ичпейм, чекпейм. Көптөгөн катачылыктарды көрүп эле турам. Анан мен ар нерсеге, ар кимге азгырылбайм, ойлоно билген адаммын. Бир нерсе жасардан мурда ойлоном.

Мен мактангым келбейт, бирок мен туура адаммын. Мендейлер жок болсо керек да, ошон үчүн мени ар нерсе дешет. Бир чети, Кудайга шүгүр, саясатка барбаганым деле жакшы болуптур деп калам. Кантсе да, өмүр баяным бир аз начар болуп калды. Соттолдум дегендей... Анан кийин кайра мени жаманатты кылып, түрдүү сөздөр чыгышын каалабадым.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG