Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Мунай өндүргөндөр мунаса таба албады


Акыркы күндөрү мунайдын баасы кескин түшүп кетти. Буга Орусия, Сауд Арабиясы баштаган өлкөлөрдүн мунай мунасасына келе албаганы себеп болду.

Акыркы айларда мунай баасы 30 доллардан да төмөн түшүп кеткен. Мындан улам экономикасы мунайга байланган өлкөлөр өндүрүш көлөмүн азайтуу керектигин айтып чыгышкан. Биринчи кезекте бул демилгени Орусия көтөргөн.

Ошентип, ОПЕК – мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмуна кирген да, кирбеген да 18 өлкө 17-апрелде Катарга келишкен. Алар кара май казууну октябрга чейин январдагы деңгээлде калтырган келишимге кол коюшмак.

Эртең менен баары пландалгандай эле өтүп жаткан. Бирок алты сааттык жолугушуу натыйжа бербей, келишимге кол коюлбай, кийинкиге калды.

Жолугушуу алдында мунай баасы көтөрүлүп, бир баррели 45 долларга чыккан эле. Сүйлөшүү ишке ашпай калгандан кийин 40 доллардан төмөндөп кетти.

Катардын энергетика министри Мохаммед Ибн Салех ал-Сад маалымат жыйынында макулдашуунун кечиктирилишин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин биринчи жолугушуудан кийинки фундаменталдык өзгөрүүлөрдү эске алдык. Өндүрүштү жайлатуунун бардык өңүттөрүн жана натыйжаларын талкууладык. Мындан ары кеңешүү үчүн баарыбызга убакыт керек деген жыйынтыкка келдик. ОПЕКтин июндагы кийинки жолугушуусуна чейин бардык катышуучу-өлкөлөр бири-бири менен кеңешет.

Сауд Арабиясы, Катар жана Кувейт өндүрүштү баары азайтсын, анын ичинде Иран да кепке келип, ОПЕКке мүчө эмес өлкөлөр да жыйынга катышсын деген жаңы талап коюшкан.

Иран болсо эл аралык санкция киргизе электеги деңгээлге - суткасына 4 миллион баррель өндүрчү күнгө жетмейин жамааттык макулдашууга кошулбасын айтып келет. Ал дал январда санкциялар алынгандан кийин кара май экспорттоону күчөткөн.

17-апрелдеги чечим Орусия үчүн күтүүсүз жана жагымсыз болду. Орусия мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Санкциялардан жабыркаган өлкө экономикасы кара майдын баасы түшкөн сайын каржалууда.

Орус энергетика министри Александр Новак Дохадагы ийгиликсиз жолугушуудан кийин жаңы талаптар алар үчүн күтүүсүз болгонун жашырган жок. Бирок ал буга Иранды жалгыз себепчи көрбөйт:

- Жолугушууга катышпаган өлкө кантип макулдашуунун болбой калышына себепкер болсун? Бул - Сауд Арабиянын туруму. Алар бул келишимге бардык мунай өндүрүүчү өлкөлөр катышуусун каалап жатышат. Башкача айтканда, макулдашуу шартына ар кимдин мамилеси түрдүүчө болгону негизги себеп.

Эмки жолугушуу июнда Венада өтмөй болду. “Универ Капитал” инвестициялык компаниясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Александровдун оюнча, июнда келишимге жетүүгө болот:

- Менимче, азыр сүйлөшүүнү күчөтүү жыйынтык бербейт. Бул жерде таасир этүүчү эки негизги фактор бар. Же ошол убакка чейин Иран өндүрүш көлөмүн өзү каалаган деңгээлге жеткирип, келишимге карата позициясын жумшартышы ыктымал, же ал убакытта АКШда, Кытайда, Европада дүйнөлүк макростатистика төмөндөп, мунун натыйжасында мунай баррели кайрадан 30 долларга түшүшү мүмкүн. Ошондо сүйлөшө алуу ыктымалдыгы кайра жогорулайт. Анткени реалдуу сүйлөшүү аракеттери дал ошол баа отуз доллардан төмөн түшүп кеткенде башталган болчу.

Анткен менен Орусия жана ОПЕКке кирген өлкөлөр дүйнөлүк мунай базарынын жарымын гана ээлешет. Алар макулдашкан күндө деле АКШ, Мексика сыяктуу калган мунасага кошулбаган башка өлкөлөр өндүрүштү өркүндөтө берери күтүлөт.

XS
SM
MD
LG