Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Ходорковский: Саясатка аралашпайм


ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский абактан бошоноору менен Германияга учуп кеткен. Бүгүн Ходорковский Берлинде маалымат жыйынын өткөрдү.

Ходорковский мунун алдында түрмөдөн бошогондон кийинки алгачкы маегин орусиялык New Times гезитине курган.

Мурдагы олигарх, Кремлдин белгилүү сынчысы Ходорковский гезитке курган маегинде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу үчүн кандайдыр бир шарт коюлбаганын айтты. Бирок ал орус президенти Владимир Путинге жазган катында “саясатка аралашуу жана ЮКОСтун активдерин кайтаруу үчүн күрөшүү ниети жоктугун” белгилеген.

50 жаштагы Ходорковский "салыктан качкан", "мамлекет мүлкүн уурдаган" деген айыптар менен эки ирет соттолгон. Ходорковскийдин жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак.

Ходорковскийдин маалымат жыйынында айткан сөздөрүнөн үзүндүлөр:

"Мен 36 саат мурда гана эркиндикке чыктым жана келечекке кандайдыр бир пландарды куруу азырынча мүмкүн эмес деп эсептейм".

"Бийлик үчүн күрөшүп, саясатка аралашпайм. Саясий туткундарды бошотуу багытында иш алып барам".

"Орусияга кирип, бирок кайра чыга албай калуу тобокелчилигине бара албайм. Азырынча кайда болоорумду чече элекмин".

"Мага мурда да күнөөмдү мойнума алышым керектигин айтышкан жана муну көп жолу кайталашкан. Бирок бул мен үчүн кабыл алынгыс нерсе".

"Бизнес маселеси мен үчүн жабык. ЮКОСтун активдери үчүн күрөшкө катышпайм".

"Буга чейинкилерден азыркы кырдаал бир нерсеси менен айырмаланат: күнөөнү мойнуңа ал деген шарт коюлган жок. Мен макул болдум. Үй-бүлөлүк абалдан улам ошол бир нече ай да мен үчүн абдан маанилүү".

Ходорковский журналисттерге, Меркелге ыраазы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

XS
SM
MD
LG