Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Православ чиркөөсү Кремлди жоопкерчиликке чакырат


Орус бийликтери шайлоонун бурмаланышына нааразы чыккандар менен тил табышуу багытында айрым кадамдарды жасап жаткандай. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген негизги талаптын аткарылбасын билдирүүдө. Аналитиктер болсо Кремлдин реакциясы кыйла кечеңдегенин белгилешет.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары ишемби күнү СССР кулагандан берки эң ири антиөкмөттүк акцияларды толугу менен чагылдырып, бул кадам кыйла таң калычтуу болду.

Эртеси демейде Кремлге ыктаган православ чиркөөсү бийликти оппозициянын талаптарына “адекваттуу жана адилет” жооп кайтарууга үндөдү. Ошол эле күнү президент Дмитрий Медведев Фейсбукка жарыялаган катында бурмалоолор жөнүндөгү ырастоолорду текшерүү буйругу берилгенин айтты.

12-декабарда болсо мурдагы финансы министри, премьер-министр Владимир Путинге жакын саясатчы Алексей Кудрин добуш берүүдөгү кемчиликтерди белгилеп, жаңы либералдуу, демократиялык партия түзүү ниетин кыйытты:

- Бул шайлоо либералдуу, демократиялык баалуулуктарды коргой турган саясий күч, түзүм тартыш экенин көргөздү. Бул таңсыктык биз 12 ай мурда элестеткенден күчтүү болуп чыкты. Ошондой структура куруу талабы өзгөчө курч болуп турат, ал сөзсүз түптөлөт деп айта алам.

Кудрин либералдуу жана демократиялык партиялардын айланасында биригүү жараяны жүрөөрүн белгилеп, ошол процесске жардам берүүгө даярдыгын айта кетти.

Мунун бардыгы Кремл ишемби күнү көчөлөргө агылган орто тап менен ымала түзүүгө аракеттенип жатканынан кабар бергенсийт. Бирок айрым аналитиктер бул ишаралар өтө эле майда жана бийлик өз кадамдарын кеч жасап жатканын белгилешет.

Анын үстүнө бийлик нааразы болгон элдин шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабын аткара турган түрү жок.

"Жекшемби, дүйшөмбү күнкү окуяларды карап көрсөк, мындай массалык чыгуулар, анда айтылган талаптар орус бийлигин ыңгайсыз абалга кептөөдө. Алар өз реакциясын толугу менен иштеп чыгыша элек. Оппозиция менен кеңири диалогго баруу каалоосу байкалбайт. Бийлик убакытты чойгусу келет. Эми бардыгы демонстрациялардын өнүгүшүнөн көз каранды. Алар күчөйбү же акырындык менен тынчыйбы? Нааразылыктын түпкү себеби иш жүзүндө шайлоодо эмес, Путиндин президенттикке кайтып келишин каалабагандыктан болуп жатканын эске алганда, чыгуулар күчөй берет десек болот", - дейт петербургдук аналитик Михаил Виноградов.

Путин болсо ишемби күндөн бери "же ак, же көк" дей элек.
Жогоруда айтылгандай, мамлекеттин карамагындагы маалымат каражаттары буга чейинки күндөрдөн айырмаланып, ишембиде нааразылык акциялары тууралуу репортаж берип турушту. Биринчи телеканал Борис Немцовдон интервью алып, аны атүгүл “оппозициянын лидери” деп атады. Же болбосо соңку жылдары Немцовду мамлекеттик каналдар аны тартип коргоочулар кармап бараткан жеринен гана көргөзүшчү.

Ошол эле маалда НТВ каналы, мисалы, көчөдө топтолгон калың элдин арасынан берген өз баянынан “Россия – Путинсиз!” деген ураандарды кыркып салган.

Анын аралыгында ишкер Михаил Прохоров келерки жазда президенттик орун үчүн ат салышуу ниетин билдирди. Арийне, Кремлдин жакын кишиси катары белгилүү Прохоров бийликтин макулдугу менен чыгып жатабы, же оппозицияга кошулуудабы айтуу кыйын.

Окуялардын мындай ылдамдык менен өнүгүп жатышынан улам, эксперттер Орусияда саясий элита өз максаттарын көздөгөн майда топторго бөлүнүп-жарылып жатат деген пикирлерин айта башташты.

Москвадагы митинг: 10.12.11.
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

(Ишембиде Москванын Болотная аянтында өткөн митингден тасма)

XS
SM
MD
LG