Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

"Пусси Райоттун" эки мүчөсү абактан чыкты


Мария Алехина жана Надежда Толоконникова
Мария Алехина жана Надежда Толоконникова

"Пусси Райот" панк тобунун мүчөсү Мария Алехина мунапыс менен эркиндикке Төмөнкү Новгород шаарындагы түзөтүүчү колониядан бүгүн чыкты. Топтун экинчи мүчөсү Надежда Толоконникова да бир нече сааттан кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Ирина Хрунова кабарлады.

Эркиндикке чыгаары менен Алехина Кыйноолорго каршы комитеттин өкүлү менен жолукту. Аны менен Алехина колонияда отурган башкалардын абалын талкуулаганы белгилүү болду. Алехинанын айтымында, ал колонияда калган башкалардын коопсуздугуна кабатыр.

Кыйноолорго каршы комитетке барардан мурда Мария Алехина журналисттерге мындан ары укук коргоо жаатында алектенгиси келерин билдирди.

- Мен укук коргоочулар менен жолугуп, жаза аткаруу мекемелеринин маселеси менен алектенгим келет. Мен эми эч нерседен коркпойм, бул – чындык.

Мария Алехина отурган түрмө
Мария Алехина отурган түрмө
Кечээ Алехина мунапыс менен түрмөдөн чыккысы келбей жатканын Орусиянын бир катар массалык маалымат каражаттары жазып чыккан эле. Ал ошондой эле адвокатына камактагы башка адамдардын коопсуздугу боюнча камтамасын да айткан. Колониядагы достору мекеменин жетекчилигинен коркутуу болуп жатканын айткан.

«Дождь» телеканалына курган маегинде Алехина эгер анын мунапысты колдонбоо мүмкүнчүлүгү болгондо ал түрмөдөн чыкмак эмес.

- Эгерде менде бул ырайымды колдонбоого кичинекей жылчык болгондо, мен мунапыс менен чыкмак эмесмин. Бирок мунапыс боюнча буйрук түзөтүүчү колонияга түштү, аны алар аткарышты. Менден эч нерсе көз каранды эмес болчу.

2012-жылдын августунда "Пусси Райоттун" үч катышуучусу Надежда Толоконникова, Мария Алехина жана Екатерина Самуцевич Христос куткаруучунун ибадатканасында президент Владимир Путиндин бийликтен кетишин талап кылып ырдап чыккандан кийин 2 жылга кесилишкен. 2012-жылдын октябрында Самуцевичтин өкүмүн Москва шаардык соту өзгөртүп, ал ыр ырдоого катышпагандыгы үчүн 2 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Өткөн жумада Мамлекеттик Дума Конституциянын 20 жылдыгына арналган президенттик мунапыстын долбоорун бир добуштан жактырган. Бул мунапыс «массалык башаламандыктар» жана «бейбаштык» беренелери боюнча кесилгендерге да тийиштүү.

"Пусси Райоттон" сырткары аталган мунапыска "Гринпистин" "Арктик Санрайздагы" экипажанын мүчөлөрү жана «Болотная» иши боюнча айрым катышуучулары илинет. Бирок «Болотнаянын туткундары» деген атка конгон «массалык башаламандык» жана «тартип коргоо органдарына күч колдонуу боюнча» кесилген 12 адамдын көпчүлүгү мунапыска илинбей калышты.

Красноярск шаарында Надежда Толоконникованын абактан чыгышын күтүп жаткан жолдошу Петр Верзилов журналисттерге буларды айткан:

- Маша Алехина эки саат мурун түрмөдөн чыкты. Атайын конвойдун коштоосунда Төмөнкү Новгороддун көчөсүнө жеткирилип, анан бошотулду. Азыр биз Надянын чыгышын күтүп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG