Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Pussy Riot: бирөө бошонду, экөө калды


Pussy Riot тобунун кыздары сот залында. Москва, 10-октябрь, 2012-жыл.
Pussy Riot тобунун кыздары сот залында. Москва, 10-октябрь, 2012-жыл.

Москванын аппеляциялык соту Pussy Riot тобунун бир мүчөсүн шарттуу абактан бошотту. Президент Путинге каршы чиркөөдө ырдап чыккан дагы эки кыздын эки жылдык түрмө мөөнөтү өзгөрүүсүз калды.

Үч кыз август айында диний жек көрүүчүлүккө негизделген бейбаштык кылган деген кине менен эки жылга кесилген эле.

Сот шаршембиде Екатерина Самуцевичтин шарттуу түрдө эки жылга кесип, камактан бошотту. Бирок Надежда Толоконникова менен Мария Алехина эки жыл абакта отура турган болду.

Аты аталбаган сот өкүмдү мындайча жарыялады:

Екатерина Самуцевичке 17-августта Москва шаарынын райондук соту чыгарган өкүм өзгөртүлөт. Орусиянын Кылмыш кодексинин 73-беренесине ылайык, анын түрмө мөөнөтү эки жылдык шарттуу мөөнөт менен алмаштырылат.

Сот Самуцевич феврал айындагы концертке катышканга чейин эле аны Христос Куткаруучунун чиркөөсүнөн чыгарып жиберишкенин негиз кылып, анын бошотулуп жаткандыгын бышыктады.

Екатерина Самуцевич - сот имаратынын сыртында. 10.10.2012
Екатерина Самуцевич - сот имаратынын сыртында. 10.10.2012
Самуцевичтин атасы Станислав Самуцевич кызынын эркиндикке чыкканына чексиз кубанганын, бирок берки экөөнүн абакта калганы өкүнүчтүү экендигин билдирди.

Адвокат Марк Фейгин Толоконникова менен Алехинага карата шаршембидеги чечимди кайра аппеляцияга берээрин мындайча маалымдады:

– Надежда Толоконникова менен Мария Алехина боюнча дагы аппеляциялык арыз жазабыз. Бул ирет Адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылабыз.

"Пуси Райоттун" мүчөлөрү чиркөөдөн кечирим сурашкан, бирок «Путинге каршы ырдап, эч кандай кылмыш жасаган жокпуз, биз динге эмес, саясатка каршы нааразылык билдиргенбиз» деп айтышкан.

Шаршембидеги сот ишинде алар Путиндин саясатын сынга алуу менен катар, славян чиркөөсүнүн Кремлдин бийлигин ачыктан ачык эле колдоп жаткандыгын ашкерелөөнү максат кылышканын билдиришти.

Үч кыздын камалышы эл аралык коомчулукта көп нааразылыкты пайда кылды. Батыш дипломаттары, укук коргоочулар жана эстрада жылдыздары алардын абакка кесилишин "сөз эркиндигине кол салуу" деп баалашты.

"Пуси Райоттун" колдоочулары көп өлкөлөрдө нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бирок президент Путин өткөн аптада «өздөрү каалагандай болду» деп, кыздардын абакта отурушун колдоп сүйлөдү.

7-октябрда 60 жышка чыгышына арналган документалдык программада Владимир Путин «биздин моралдык түп-негизди, адеп-ахлакты тепселегендер жазаланышы керек» деди.

Адвокаттар өлкө башчынын сөзүн сотко кысым көрсөтүүгө тете болду деп баалашууда. Орусиянын славян чиркөөсү "Пуси Райоттун" мүчөлөрүн кечирим суроого чакырган.
Москванын апелляциялык сотунун өкүмү (тасма орус тилинде):

"Pussy Riot": бирөө бошонуп, экөө камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

XS
SM
MD
LG