Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Путин Обаманы мактады


Салтка айланган мындай жылдык түз байланыш 2001-жылдан бери быйыл 14-ирет өттү. 14-апрель, 2016-жыл
Салтка айланган мындай жылдык түз байланыш 2001-жылдан бери быйыл 14-ирет өттү. 14-апрель, 2016-жыл

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн түз эфир аркылуу өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди.

Салтка айланып калган бул жыйын быйыл 14-жолу өтүп, төрт саатка созулду. Бул ирет анда негизинен экономикалык суроолор басымдуулук кылды. Ошондой эле Орусиянын ички жана тышкы саясатына байланышкан суроолор да аз болгон жок.

"Бозоргон" экономика...

Жылдык түз эфирдин алгачкы бөлүгүндө президент Путинге өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган жарандардан социалдык-экономкалык, асыресе баалардын кымбатташына, эмгек акы жана турмуш-тиричиликке байланышкан суроолор берилип жатты.

Маселен, алгачкы суроолордун бири азык-түлүккө жана күнүмдүк зарыл буюмдарга баа өсүп кетишине тынчсызданган собол болду. Путин инфляциядан эл жапа чеккенин түшүнөрүн айтып, азык-түлүк баалары сезилээрлик өскөнүн белгиледи.

Ошол эле кезде Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыштын санкцияларына Москванын жооп иретинде импорттук азык-түлүккө чектөө киргизиши өлкө айыл чарбасын жандантканын, бул баалардын турукташуусуна алып келерин белгиледи.

Путин Орусия экономикасы азыр кайсы тилкеде, акпы же карабы деген суроого мындай жооп узатты:

- Боз. Эмнеге дегенде экономикадагы абал оңоло элек. Бирок натыйжалуу көрсөткүчтөр бар.

Путин андан ары өлкөнүн ички дүң өнүмү кийинки жылдан тарта өсө баштарын кошумчалады:

- 2015-жылы ички дүң өнүм 3,7 проценттей түштү. Быйыл өкмөт 0,3 пайыздай төмөндөө болорун болжоп жатат. А кийинки жылдан тарта бир жарым проценттей өсүш болору күтүлүүдө.

"Эгер Эрдоган менен Порошенко чөгүп баратса..."

Түз байланышта тышкы саясат – Украина, Сирия, Түркияга байланышкан маселелер боюнча да суроолор аз болгон жок. Бир учурда алып баруучу 12 жаштагы окуучу кыздан "Эгер түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен украин президенти Петро Порошенко сууга чөгүп баратканын көрүп калсаңыз биринчи кимисин куткарат элеңиз?" - деген суроо түшкөнүн жарыялады.

Жасалмадай туюлган бул суроого дароо түз жооп бере албай саамга ойлоно калган Путин мындай жооп узатты:

- Эгер кимдир бирөө чөгүп кетүүнү чечкен болсо аны куткаруу мүмкүн эмес... Бирок биз албетте шериктештерибиздин кимисине болбосун жардам жана достук колун сунууга даярбыз.

Путиндин бул жообун залда отургандар кол чаап, кубаттоо менен кабыл алышты. Москванын Киев жана Анкара менен маилеси соңку жылдары кескин начарлап кеткени белгилүү.

Бирок орус президенти тышкы саясат, асыресе Украина жана Түркия маселелерине байланышкан суроолорго бул жолу кылдаттык менен жооп берип жатты. Путин АКШнын Ливиядагы аскерий операциясы жаңылыш болгонун мойнуна алганы үчүн президент Барак Обаманы мактап, аны "абийирдүү, дурус адам" деп атады. "Муну мен эч кандай сарказмсыз айтып жатам жана мындай сөздү жөндөн жөн айта бербейм", - деди Путин.

Орус президенти мындан сырткары ички саясат, алдыдагы парламенттик шайлоого, Украинадагы уруштан улам киргизилген санкцияларга байланышкан суроолорго да жооп берди.

Путиндин кадыры кайсы катмарда калыңдоодо?

Бул түз байланышка байкоо салып турган The Insider долбоорунун шеф-редактору Роман Доброхотов “Азаттыктын” орус кызматына көптөгөн суроолорго так жооп берилбей, жоопсуз калганын айтты: "Бул түз байланыш Путиндин рейтингин көтөрүү үчүн тандалып алынган актуалдуу формат. Анда ыңгайлуу суроолор алдын ала тандалып алынып, ага күн мурун жооптор даярдалат. Мындай түз байланыш калктын отуз пайыздайына - негизги өзөгүн үй кожойкелери түзгөн, телевизорду такай тирмийе тиктеп отурган катмарга таасир этиши мүмкүн. Алардын арасында албетте Путиндин рейтинги өсөт. Бирок таңууланма маалыматка азыраак сугарылган катмар президенттин кыймыл-аракет, эмоциясына чейин абай салып турат. Маселен, Путин кагазды карап, сандарды эстей албай калганына, адашканына чейин. Айталы бул ирет президент резервдик фонд боюнча сандарды чаташтырып, андагы абал 2014-жылдын башындагыдай дегени туура эмес. Инфляция, баалардын өсүшү боюнча суроолорго бир нерсе деп жооп берди, бирок так, айкын жооп болгон жок. Айрыкча экономикалык маселелерде эл конкреттүү жооп күткөнү менен аны ала алган жок”.

Бүгүнкү түз байланыш Москва убактысы боюнча түшкү 12де башталып, 4 саттай созулду.

Путиндин эң узакка созулган түз байланышы 2013-жылы болуп, ал 4 саат 48 мүнөткө созулган. Салтка айланган мындай жылдык түз байланыш 2001-жылдан бери быйыл 14-ирет өттү. Мамлекет башчыга берилчү суроолорду чогултуу бир апта мурун башталып, миллиондон ашуун собол түшкөнү кабарланды. Быйылкы өзгөчөлүк - “ВКонтакте” социалдык тармагы аркылуу да суроолордун кабыл алынышы болду.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG