Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Путин Орусия президентинин кызматына үчүнчү ирет киришти


Кремлде Владимир Путин ант бергенден кийинки сөзүндө Орусияда демократияны өнүктүрүүнү, адам укуктарын коргоону убада кылды.

Бүгүн Кремлде Владимир Путиндин өлкө президентинин кызматына үчүнчү ирет киришүү салтанаты өттү. Ант бергенден кийинки сөзүндө Путин Орусияда демократияны өнүктүрүүнү, адам укуктарын коргоону убада кылды. 6-майда Путиндин инагурациясын утурлап Москвада оппозиция бери дегенде 20 миң адам катышкан жүрүш уюштуруп, анын 400дөн ашуун катышуучусу камакка алынган эле.

Орусияны буга чейин эки мөөнөт президент, бир мөөнөт премьер-министр катары башкарган Владимир Путиндин бийликти Дмитрий Медведевден өткөрүп алуу жөрөлгөсүнө үч миңдей киши катышты. Ант берүү кабарчылардын эсебинде, сегиз мүнөткө созулду.

- Орусия Федерациясынын президенти кызматын аркалоодо адамдын жана жарандын укуктарын менен эркиндиктерин сактоого, коргоого, Орусия Федерациясынын Конституциясын коргоого жана сактоого, мамлекеттин көз карандысыздыгын, суверенитетин, коопсуздугун жана бүтүндүгүн коргоого, элге чын-дилимден кызмат кылууга ант берем. Орусия Федерациясынын президенти кызматына киришип жатып, Ата Мекен алдындагы бүткүл жоопкерчилигимди түшүнөм. Анын кызыкчылыктары, коопсуздугу, жарандардын бакубатчылыгы мен үчүн ар убак бийик бойдон калган жана калат.



Үчүнчү ирет президенттик кызматка киришип жаткан Владимир Путин Орусияда демократияны чыңдоону убада кылды жана анын өлкөсү улуттук өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын белгиледи:

- Биз бүгүн улуттук өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатабыз. Бизге принципиалдуу түрдө башка деңгээлдеги, башка сапаттагы, масштабдагы маселелерди чечүүгө туура келет. Жакынкы жылдар Орусиянын ондогон жылдарга алдыдагы тагдырын аныктайт.

Путин эми премьер-министрликке кызмат мөөнөтү аяктаган президент Дмитрий Медведевди дайындары күтүлүүдө. Кызматтан кетип жаткан президент Медведев өз сөзүндө Путинди орусиялыктардын басымдуу бөлүгү колдогон лидер деп атады:

- Мен бүгүн Владимир Владимирович Путин президент болуп жатканына кубанычтамын. Ал биздин өлкөнүн жарандарынын басымдуу бөлүгү колдогон тажрыйбалуу адам жана күчтүү жетекчи.

Ошол эле кезде Путиндин кайра бийлик башына келүүсүнө нааразылык Москвада басаңдабаганын инагурация алдындагы окуялар көрсөттү. Оппозиция Путиндин инагурациясын утурлай жекшембиде “Миллиондор маршы” деп аталган демонстрация уюштуруп, ага кеминде 20 миңдей адам чыккан эле.

Жүрүштө полиция менен эл кагылышып, төрт жүздөн ашуун демонстранттын, анын ичинде оппозиция лидерлеринин кармалышы менен аяктаган. Бул кагылышта жыйырмадай полицей жаракат алганын белгилеген расмий өкүлдөр ал үчүн жүрүштүн уюштуруучуларын айыпташса, уюштуруучулар жоопкерчиликти “чагымчылар” менен коопсуздук күчтөрүнө жүктөдү.

Ушундан уламбы дүйшөмбүдө Орусиянын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Москвадагы өкмөт үйүнөн Кремлге бет алган Путиндин автокербенин теледен көрсөңүз – автокербен өткөн шаардын бульварлары менен көчөлөрүндө кыймылдаган жан жок.

Орусиялык айрым блоггерлер муну Путиндин эл менен эмес, бош көчөлөр менен калуусу катары мүнөздөштү. Жекшембидеги демонстрациядан кийин бир нече саат камакта олтуруп чыккан оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцов кабарчылар менен маегинде буларды белгиледи:

Ал [Путин] кечээ чектен өтүп кетти. Орусия эми Лукашенконун Беларуста кеткен жолго тездик менен түшөт. Менин мындан эч күмөнүм жок. Өз элинен коркуп, Москваны бүт жаап салды. Ал [Путин] - коркок!

Борис Немцов Москвада жарандык активистердин жоон тобунун катарында дүйшөмбүдө кайрадан кармалды. Жарандык активисттер “Ак шаар” деген акцияга чогулушуп, Москванын борбордук бөлүгүнө кирүүгө кыйкырып бет алышкан:

- Үчүнчү мөөнөттүрмө! Үчүнчү мөөнөт түрмө! Үчүнчү мөөнөт – түрмө!

ОМОН акциянын катышуучуларынын жолун тороп, алардын 100дөн ашуунун кармады.

Орусияда буга чейин президенттин кызмат мөөнөтү төрт жыл гана болчу. Бирок Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөрдө эми президент бийликтин мөөнөтү алты жылга узартылды.

Батыштык баяндамачылар Путин шайлоого катышары билинген кезде эле азыр жашы 59тагы өлкө жетекчи эгер дагы эки мөөнөт бийликте олтурса, СССР учурундагы Саясий бюро жетекчилеринин курагына жетээрин белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG