Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Үч алтын медаль уткан Домрачева


Үч алтын уткан медаль беларус биатлонисти Даря Домрачева. Сочи, 17-февраль, 2014.
Үч алтын уткан медаль беларус биатлонисти Даря Домрачева. Сочи, 17-февраль, 2014.
Сочиде кечээ туманга байланыштуу айрым мелдештер жылдырылган эле. Бүгүн, 18-февралдагы башкы таймаш - «Лаура» тоо лыжа айдыңында эркектер арасындагы биатлон мелдеши Бишкек убактысы боюнча 4 жарымда башталат. Жигиттер лыжа менен 15 км. аралыкка массалык жарышып, мылтыктан таамай атып, күч сынашат.

Кечээ кечинде кыз-келиндердин биатлон боюнча таймашында белорусиялык Даря Домрачева марага озуп келип, үчүнчү алтын медалды жеңип алды.
Ал 17-февралдагы мелдеште маарага 35 минут 256 6 секундада жетти же экинчи келген чехиялык Габриела Соукаловадан 20 секунд эрте келди. Коло медалды норвегиялык Тирил Екхоф утту.

Сочиде Даря Домрачева 12, 5 чакырымга куушуп жарышууда жана 15 чакырымга жеке жарышта биринчи орунду алып, чемпион болгон. Буга чейин бир да аял биатлонист Кышкы Олимпиадада үч алтын медаль уткан эмес.

Ал эми коньки, бобслей жарыштары, фристайл, трамплин жана тоо лыжа мелдештеринин айрымдары түштөн кийин башталып, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1ден өткөнгө чейин болмокчу.

Учурда сноуборд боюнча эркектер өнөрүн көрсөтүүдө. Адаттагыдай эле Сочиде күйөрмандар арбын келип, бүйүрүн кызыткан хоккей мелдештери болууда. Бүгүн да хоккей боюнча кыз-келиндер чейрек финалда күч сынашат. Мында англиялыктар менен жапондор, финдер менен орусиялык кыз-келиндер командалары мөөрөй талашат. Кимдер жарым финалга чыгаары бүгүн аныкталат.

Ал эми эркектер командаларынан мыктылары иргелип, финдер, канадалык, америкалык, швециялык хоккейчилер чейрек финалга чыкты. Калган 8 команданын мыктылары да бүгүн 18-февралда аныкталат. Мында Словения менен Австрия, Орусия менен Норвегия, Швейцария менен Латвия жана чехтер менен словакиялык хоккейчилер беттешет. Эгерде орустар норвегиялыктарды утса гана чейрек финалга чыгат.

Кечээки ийгиликтер тууралуу учкай айта кетели. Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиондору, америкалык Мерил Дэвис менен Чарли Уайт кыска программа боюнча дүйнөлүк рекорд коюп, түндө да эркин көнүгүүдөн лидер болушту. Алар АКШнын тарыхында көркөм муз тебүүдө биринчи олимпиада чемпиону аталды. Эки кишилик бобслей жарышында Александр Зубков менен Алексей Воевод Орусияга 5-алтын медалды утуп беришти. Эркектердин фристайл жарыштарында белорусиялык Антон Кушнир баш байгени жеңип алды. Трамплинден секирүүдө германиялык жигиттер командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндер арасындагы хоккей таймаштарында АКШ өлкөсү швециялыктарды утуп, финалга жолун ачты. Канада менен Швейцариянын ортосунда курч таймаш болуп, мында канадалык айымдар жарым финалга чыкты.

Орусия экинчи орунга чыкты

Сочидеги кышкы олимпиадада учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча германиялыктар дале топ баштап келүүдө.18-февралга карата алар 8 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеси менен биринчи орунда турат. Кечээ экинчи орунда голландиялыктар турса, аларды орустар 3 тепкичке жылдырып койду. Учурда оюн ээлери орусиялыктар 5 алтын, 7 күмүш жана 6 коло байгеси менен бешинчи орундан 2-орунга көтөрүлдү. Норвегиялыктар үчүнчү орундан түшпөй келатат. АКШнын спортчулары 7-орундан дароо 4-тепкичке көтөрүлдү.
Бул жагдайга кечээ түнү көркөм муз тебүүдө алтын байге уткан дүйнөнүн эки жолку чемпиондору Мерил Дэвис менен Чарли Уайт себепкер болду.

Ал эми Азия өлкөлөрүнөн Кытай 10-орунда. Алар 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ. Учурда жапондор 1 алтын, 3 күмүш жана коло байгеси менен 14-орунда. Ал эми түштүк кореялык спортчулар учурда Сочиде 1 алтын, 1 коло байгеси менен 17-орунда турат.

Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байге утуп берген Денис Тенге кечээ жолугуп маектештик. "Келечекте Олимпиада чемпиону болмоюнча жаным тынбай машыгып, максатыма жетем. Сочи олимпиадасы жакшы маанайда өтүп жатат", - деди «Азаттыкка» казакстандык Денис Тен.

Дмитрий Трелевский Москвада дарыланат

19-февралда Сочи олимпиадасында 19 жаштагы бишкектик Евгений Тимофеев тоо лыжасы боюнча өлкө намысын коргойт. Тимофеев учурда "Роза Хутор" тоо лыжа базасында кезектеги машыгууларын өткөрүп жатат. Ал Сочи олимпиадасында эки түр боюнча 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

Сочиде машыгуу учурунда жыгылып, жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ал-абалы дурус. Ал учурда Красная полянадагы олимпиадалык айылда дарыланып жатат. Кечээтен баштап таканчыктап, балдак менен өзү басып, жакын жердеги ашканага такмактанганы бара баштады. Улуттук олимпиада комитетинин Сочидеги өкүлү, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешовдун айтымында, Трелевскийдин ден соолугун калыбына келитирүү боюнча камсыздандыруу иш-кагаздары толтурулду. Буга ылайык, Дмитрий 2 ай аралыгында Москвадагы ооруканалардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алат.

Жапондорго тилмеч болгон Жаңыл

Сочи олимпиадасын чагылдырып жүргөн жапондук тележурналисттерге тилмеч болуп жүргөн кыргыз кызы Жаңыл Маматовага жолуктук. Ал Санкт-Петербург универстетинин магистранты экенин, англис, жапон тилдерин билээрин, жапон журналисттерине тилмеч болуу үчүн үч сыноодон өткөнүн «Азаттыкка» айтып берди.

Ошондой эле олимпаданы чагылдырып жүргөн кесиптешим, монгол жигити Байрамжыргал Бишкектеги «Манас» кыргыз-түрк университетинин бүтүрүүчүсү экен. Кыргызча түш жоруган монгол жигити Азия өлкөлөрү кышкы спортко маани берип, биргелешип машыгууларды өткөрсө деген тилегин билдирип, беш жыл бирге окуган кыргызстандык досторуна салам айтты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG