Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Допинг колдонгондор камалышы мүмкүн


Допингди текшерүү маалы
Допингди текшерүү маалы

Орусияда допинг чыры тереңдеп, дагы 14 олимпиадачы кызытма колдонгону белгилүү болду. Спорт жаатында дүйнөгө уят болуп жаткан Орусия күчкө күч кошуучу дарыны колдонгондорду эми кылмыш жазасына тартууну көздөөдө.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жакын арада допинг колдонгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам кабыл алат. Бул маалыматты Орусиянын спорт министри Виталий Мутко 24-майда ырастады.

ТАСС агенттигинин кабарлашынча, Мутко айтып жаткан жаңы мыйзамга ылайык, кызытма колдонгону аныкталган спортчу үч миллион рубль айыпка жыгылып, же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошол эле күнү 2008-жылкы Бээжин олимпиадасына катышкан орусиялык 14 спортчу кызытма колдонгону анык болду. Булар дагы текшерүүдөн өткөрүлөт. Анда да оң жыйынтык чыкса буга чейинки медалдарынан ажыратылат.

Аттары расмий аталбаганы менен орусиялык басылмалар кызытмадан кармалгандар найза ыргытуу боюнча Бээжинде күмүш медаль уткан Мария Абакумова, эстафеталык чуркоодон олимпиада чемпиону Юлия Чермошанская, бийиктикке секирүүдөн коло алган Анна Чичерова жана оор атлетикадан күмүш медаль ээси Мария Шаинова жана башкалар бар.

Допинг жаңжалы тутанганы Орусия өткөн ноябрда эле жеңил атлетчилердин эл аралык таймаштарынан четтетилген болчу.

Мурдагы жумада эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах эгер орус спортчулардын допинг колдонуусу уюшкан мүнөзгө ээ экени далилденип, башка спорттун түрлөрү да камтылганы билинсе, Орусия Бразилиядагы жайкы олимпиада оюндарына катыштырылбай да калышы мүмкүндүгүн айткан эле.

Буга каяша жооп кайтарган орус спорт министри кызытма жеке гана спортчуларга таандык деп, бул үчүн башкалар жооп бербеши керектигин айткан. Ал допингге каршы колдон келишинче күрөшүп жатышканын кошумчалады:

- Орус жеңил атлетикасы көйгөйлөрдү башынан өткөрдү. Олуттуу эреже бузуулар америкалык спортчуларда да болду. 2014-жылы допинг боюнча текшерүүнү биз демилгелегенибиз. Анткени женил атлетика боюнча эл аралык комитет жылдар бою спортчуларды, анын ичинде орусиялыктарды да жашырып келгенин билдик. Иликтөөбүздүн жыйынтыгында 15 спортчу мелдештерден четтетилип, федерация жаңыланды.

24-майда орусия футбол курамасы Швейцарияга Еврочемпионат үчүн машыгууга кетти. Футболчулар үчүн башкы максат группадан чыгуу экенин белгилеген Мутко бул тармакта чыр жок экенин айтты:

- Орус футболунда допинг проблемасы эч качан болгон эмес. Жылына түрдүү командалардан орточо эки миңдей анализ алганбыз. Азыр ЦСКА текшерилүүдө. Башкалары текшерилген. Кандайдыр бир көйгөй жок.

Өткөн жылдын ноябрында чыккан допинг чыры Орусия баштаган бир топ өлкөлөрдү камтыды. Анын ичинде кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеевден да чыкканы айтылып, ал Олимпиададан четтеди.

Эл аралык олимпиада комитети 2008-жылкы Бээжин олимпиадасынан берки жыйынтыктарды текшертүүдө.

XS
SM
MD
LG