Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Москва облусунда ондогон шаар-кыштактар электр кубатысыз калды


Москвадагы кыш, 2010-жылдын 27-декабры.
Москвадагы кыш, 2010-жылдын 27-декабры.

Аба ырайынын кесепетинен Москва алдындагы ондогон шаар-кыштактар жаңы жыл алдынан тарта электр жарыгы жок отурушат.

Очорулта жааган нымшыган кар зымга жабышып, анын айынан кайсы бир ЛЭП зымдары үзүлүп, жарык такыр өчкөн. Ошондон улам Москва обулусунун 18 кыштагы менен төрт шаарына чукул кырдаал эрежеси киргизилген. Обулус жетекчиси маалымдашынча 270 бригада күнү-түнү оңдоо иштерин жүргүзүп атат.

Бул экинчи жолу Москва алдындагы чөлкөмдөрдө тургундардын жапырт түрдө электр кубаты жок калышы. Биричичси былтыр 25-26-декабрда суу аралдаш жааган кардан улам болгон.Электр жарыгы жок олтурган дагы бир чөйрө - Тверь обулусу.

Орусиянын европалык жагына жаңы жыл утурлап кар калың жаады. Элден мурда жамгыр нөшөрлөп артынан ызгаардуу шамал согуп, бир нече саат ичинде көчөнү музга айлантып салды. Дарак шагы менен электр зымдарын муз тон каптады. Ошонун айынан учактар майданында муз үстүнө учактар коно албай, конгон учактар тайгактан абага көтөрүлө албай алаамат башталды. Домодедово менен Шереметьево учак майдандарында миңден ашуун рейстер эки-үч күн бою уча албай, боору менен жылып калышты. Ага кошул-ташыл Домодедово учак майданын электр менен камсыз кылчу жогорку волттуу тармак замдары оор муз кабыктарды көтөрө албай бычырап үзүлүп, миңдеген жүргүнчүлөргө кош түйшүк жараты.

Жыйынтыктай айтканда, Москва шаарында электр өтчү зым жер алды менен келгендиктен электр жарыгы үзгүлтүккө учураган жок. Бирок дарактар шагы музду көтөрө албай сынып, машинелерди басып калып атты. Агенттиктер таркаткан маалыматта бул күнгө дейре жыгылган дарактар эсеби 13 миңден ашат. Аларды жолдон алып тазартуу мигранттардан турган көчө шыпырчулар иши болуда.

Тайгак жолдо маскөөлүктөр кыбырап басканга көнүштү. Ошого карабай жыгылып: жамбаш, бутун сындырып, колун чыгарып алгандар ооруканга түшүшү күн санап өсүүдө.
Эми жер-жерлерге келсек, бул алааматтан Тверь обулусунда 308 кыштак тургундары электр жарыгы жок жабыр тартышкан. 3-январда анын 192синин гана жарыгы оңдолгон. Москва алдындагы шаар-кыштактарга да электр кубаты - зым карагай менен баргандыктан - ага жабышып тоңгон муздан үзүлүп атат.

Баш-аягы 789 кыштак-шаардын калкы караңгыда олтуруп калышкан. Ал демек, обулуста жашаган 36 чөлкөмдүн 26сы дегендик. Ал жерде жашаган калк саны 400 миңден артык. Жапырт электирлештирилгендиктен ал шаар-кыштактарда дааратканага суу берген насостон тартып үйдү жылытчу ысык сууга дейре иштебей калды. Жогорку вольттогу ток өтчү 16 тармактын зымдары үзүлүп, 187 трансформатордук подстанциялар керектен чыккан.

Ошондо өлкөнүн энергетика министри Сергей Шматко менен Москва обулусунун губернатору Борис Громов өлкө премьер-министри Владимир Путин алдына келишкен. Анда өкмөт башчы аларга жаңы жылды жарыгы өчкөн аймактарда өткөрөсүңөр деген тапшырма берген. Кийин алар ошондой кылышкан, бирок тургундарга жарык берүү дагы эле оңоло элек.

Москвалык бириккен электр тармактар компаниясынын өкүлү Виталий Струговец айтымында:

- Кеткен түнү кубаты 110 киловольт келер 7 тармакты, 35 киловольттук эки тармакты калыбына келтирүү болду.

Иши кылып муз дооруна окшогон алааматтан айрыкча Москва алдында жайгашкан аймактар тургундары алиге дейре арыла элек. Губернатор Б.Громов жардыгы менен москвалык обулус кыйла кыштак-шаарларга чукул кырдаал эрежеси киргизилген бойдон.

XS
SM
MD
LG