Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Сахаров сыйлыгы саудиялык блоггерге берилет


Британияда Бадавини колдогондор Лондондогу Сауд Арабия элчилигинин алдында пикетте турушат
Британияда Бадавини колдогондор Лондондогу Сауд Арабия элчилигинин алдында пикетте турушат

Европа парламенти тарабынан 1988-жылы негизделген Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү” эл аралык сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүсү саудиялык блоггер Раиф Бадави деп табылды.

31 жаштагы Бадави Сауд Арабиянын диний саясатын сындаганы жана интернетте исламды шылдыңдады деп айыпталып, он жылга абакка кесилген. Ошондой эле ага миң балак уруу тууралуу да өкүм кылынган. Бадавиге алгачкы элүү балак январь айында көпчүлүктүн көз алдында урулган. Азыр Бадави Саудияда камакта. Ушундай абройлуу сыйлыкка жеткенден кийин аны бийлик бошотобу, деген суроо жаралат.

29-октябрда Раиф Бадави эл аралык Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү” сыйлыгын жеңип алды деп жарыяланары менен Европа парламентинин президенти Мартин Шульц Сауд Арабиясынын падышасы Салманга Германиянын Страсбург шаарында сүйлөгөн сөзүндө Бадавини тез арада азаттыкка чыгаруу талабын койду:

- Бүгүн эртең менен президенттик кеңеш Сахаров сыйлыгынын ээси тууралуу чечим чыгарды. Быйылкы жылы ага татыктуу деп саудиялык блоггер Раиф Бадавини тандадык. Менимче, Бадави өзгөчөлөнгөн жакшы инсан болгонуна карабай, өз өлкөсүндө эң оор жазага тартылды. Анын жазасын зомбулуктун жеткен чеги десе болот. Ошондуктан Сауд Арабиянын падышасын Бадавини дароо бошотууга чакырамын!

Бадави 2014-жылы интернеттен исламга шек келтирди деген айып менен 10 жылдык абак жана миң балак уруу жазасына тартылып, 1 миллион риал же 267 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пулга да жыгылган.

Сот балак жазасын 20 апталык убакыттын ичинде бөлүп-бөлүп ишке ашыруу чечимин чыгарган. Алгачкы 50 балак 2015-жылдын 9-январында урулду. Андан кийин эл аралык нааразычылык күчөй бергенден улам расмий билдирүүдө саламаттыгы начарлап кетти делип ага балак уруу кийинкиге жылдырылган. Блоггердин жубайы Энсаф Хайдар күйөөсүнө карата сот чечимин өлүм жазасына барабар, миң балактан кийин Раиф турбай калышы мүмкүн деп чочулайт. Анткени анын кан басымы жогорулап, биринчи балактан кийин эле жалпы саламаттыгы начарлап кеткен. Эл аралык абройлуу Сахаров сыйлыгын жеңгени тууралуу кабарды укканда Энсаф Хайдар жубайынын эркиндикке чыгуу үмүтү жылт эткенин айтып кубанды.

Европарламентте Бадавини сыйлыкка көрсөткөн саясий топтун мүчөсү Тамас Мизерикс “Сауд Арабиясында өз оюн айтканы үчүн адамдар зомбулук менен жазаланып же өлтүрүлүп жатканда Европа обочодо карап тура албайт”, - деп билдирди.

Amnesty International уюму бийликтин репрессиясы ансыз да гүлдөп өнүккөн Сауд Арабиясында бир активистти өз оюн интернеттен ачык туюнтканы үчүн эле өлүмгө тете жазага тартуу аша чапкандык экенин белгилейт. Ал эми Human Rights Watch болсо Саудия бийлигинен “дин жана диний маселелер боюнча жөн жай пикир алышуу үчүн интернет барагын” ачкан үчүн эле Бадавини кыйнабай, жазаларын толугу менен алып салууну талап кылды. Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Маргарити Шинас эл аралык Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү” сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү тууралуу Брюсселде сөз сүйлөп:

- Бадави мырзаны бул сыйлыкка ылайыктуу деп табуу менен Европа биримдиги дүйнө жүзүндө сөз эркиндигине канчалык деңгээлде баа берерин жана саясий-социалдык дебаттарды колдорун көрсөттү. Европа комиссиясы башка уюмдар менен бирге Бадавини сыйлуу лауреаттардын катарына кошулуусуна абдан ыраазы жана чын дилден куттуктайбыз, - деди.

Блоггердин жубайы эки кыз жана бир уулу менен 2013-жылы Канададан баш калка алып, Саудиядан кеткен. Блоггердин Сауд Арабиясындагы банкттык эсеби 2009-жылы токтотулган. Азыр Раиф Саудияда абакта жатат.

Европа парламенти негиздеген советтик окумуштуу Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү” сыйлыгынын суммасы 50 миң евро. Аны тапшыруу аземи Страсбург шаарында 16-декабрда болот. Сыйлыкка татыктуу деп саудиялык блоггер менен катар быйыл орусиялык оппозициячыл маркум Борис Немцов жана Венесуэлада Уго Чавестин бийлигине каршы чыккан жаштардын демократиялык кыймылы да көрсөтүлгөн эле.

Сахаров сыйлыгынын алгачкы лауреаты 1988-жылы Нельсон Мандела болгон. Ага татыгандардын ичинде пакистандык өспүрүм Малала Юсуфзай да бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG