Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Миша Мальцев: Аз улуттарды теңдик саясаты сактайт


Миша Мальцев
Миша Мальцев

9-августта дүйнө Түпкүлүктүү, жоголуп бараткан майда улуттардын күнүн белгиледи. "Азаттыктын" "Миң кырдуу дүйнө" түрмөгүндө Саха (Якутия) республикасынан чыккан журналист жана музыкант Миша Мальцев Сибирдеги майда улуттар жөнүндө кеп кылат.

Дүйнөдө 1500 түрдүү улут өкүлдөрү 8000 ар башка тилде сүйлөшөт. Улуттун, тилдин, маданияттын ар түрдүүлүгү барган сайын алардын кайсыл биринин үстөмдүгүнүн айынан кыскарып баратканы өкүнтөт. Ошондуктан майда, түпкүлүктүү, жоголуп бараткан улуттарды, алардын маданиятын сактап калыш үчүн Бириккен Улуттар уюму 1994-жылы 9-августту Түпкүлүктүү элдердин Дүйнөлүк күнү деп жарыялаган.

Орусиянын Саха-Якутия республикасында төрөлгөн Миша Мальцев азыр Британияда жашайт. ВВС телеканалы үчүн даректүү тасмаларды тартып, дүйнөдөгү аз калктуу улуттардын музыкасын изилдейт.



“Мен өзүм Якутиядан чыккам. Бизде көптөгөн улуттар жашайт. Бирок алардын басымдуу бөлүгүн якуттар түзгөндүктөн, республика ушундай аталып калган, - деди Миша “Азаттыкка”. - Биз өзүбүздү саха, же сахалар деп атайбыз. Алардан сырткары, республикада чукчалар, эвендер, тунгуздар, эвенкилер, ителмен жана башка майда улуттар бар. Менимче, азыр бизде орустар менен украиндер, жергиликтүү улуттарга караганда, көбүрөөк болсо керек. Негизи, расмий булактарда якуттар Алтайдагы түрктөрдөн, Байкал же түркчө “Бай көлдө” жашагандардан чыккан деп айтылып жүрөт. Анан Чыңгызхандын тушунда же андан да мурдараак монголдор менен салгылаштар учурунда алар түндүккө көчүп кетишкен дешет. Ошентип отуруп, якуттар түндүктө эвендер, чукчалар, эвенкилер менен аралашып жашап калышкан”.

Миша Мальцев армияда кызмат өтөгөндөн кийин каерде гана иштебеди! Милиционер да болду, дүкөндөрдө жүк ташып да жүрдү, Якутскидеги радиодо алып баруучу, ди-джей да болду, ошол жердеги фольклордук музыканттар менен да иштешти.

СССРдин тушундагы расмий кабыл алынып жактырылган фолклордук музыкага канааттанбай, өзүнүн улутунун тегин билгенге, шамандарды изилдегенге аракет кылчу. Дүйнөлүк музыкага да кызыгып, учурунда “Битлзке” да кат жибергенин эскерет.

Музыкадагы өзгөрүү

Дегинкиси, ал учурда Сибирдеги майда улуттардын музыкалык топтору үч башка жердеги окуу жайларда окутулуп изилденчү. Анан 1990-жылдардын башында бул килейген империянын кыйрашы менен аймактагы элдердин маданий кайра өзүн таанып билүү саясатында да, музыкасында да өзгөрүүлөр баштады.

“Ооба, ар кандай кыймылдар түзүлдү. Адамдар өздөрүнүн шамандар менен байланышына кызыгып, изилдей башташты. Шамандардын музыкасын изилдеп, “Пскырлар” деген сыяктуу музыканттар, Степанида Борисова өңдүү ырчылар пайда болушту, - дейт ал. - Биздин музыкада түрдүү жаныбарлар менен жаратылыштагы үн-добуштар көп колдонулат, ошондуктан азыр чымчыктардын, ыйык делген жылкы, карышкылардын үндөрү музыкалык композицияларда кеңири колдонулат. Ага шамандардын ритуалдары аралашкан. Якуттардын түпкү тегине байланыштуу бул өңдүү музыка азыр Батышта өзгөчө кызыгууну жаратууда”.


(Миша Мальцев азыр ушул "Аярхан" музыкалык тобу менен иштешет - ред.)

Төрөкул Дооров: Миша, тилдердеги, маданияттагы, улуттардагы азыр сиз айткан ар түрдүүлүк ошол элдер бар үчүн сакталып келатпайбы. Азыр эми кайсыл бир улуттардын тукуму курут болуп, жоголуп барататканын угуп жатабыз. Азыркыдай акыбал улана берсе, Сибирдеги майда элдердин абалы кандай болот?

“Мен билгенден Иркутск облусунда жашаган түпкүлүктүү майда элдердин арасында тили да, маданияты да, өздөрү да такыр эле тукуму курут болуп, жоголуп кеткендери бар. Мунун баары аймакта бир гана маданият үстөмдүк кылгандыгынан болуп жатат. Бул саясаттын таасири, өзгөчө, Советтер Союзунун тушунда катуу сезилди.

Өзүңүздөр билгендей, ал убакта Якутияда деле, Бурятияда деле, анан Кыргызстанда деле орус тили үстөмдүк кылып турбадыбы. Ошон үчүн биздин ата-энелер “балдарыбызга дурус билим берип, келечекте кыйналбасын десек, орусча окутуш керек” деп ойлошкон, ошондой тарбия беришти. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө ата-энелер атайын орусча гана сүйлөшкөнү да ошондон болду. Мындай абалда калган майда элдердин айрымдары оңой эле тилдерин жоготуп, кийинки муундары өзүнүн маданиятын да, салтын да тааныбай, жоголуп кетишти.

Бизге Сибирдеги улуттардын ар түрдүүлүгүн сактап калыш үчүн баланс керек деп ойлойм. Орус тили да, анан ошол аймакта мурдатан жашап келаткан түпкүлүктүү майда элдердин тилдери да, маданияты да бирдей жашагандай тең салмактуу саясат керек. СССРдин тушунда андай болбогондуктан, жалпы орус маданиятынын басымына туруштук бере албаган улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын асыраганды да унутуп, өздөрүн урматтабай калышса керек”, - дейт Мальцев.

"Сөз бойдон калган укук"

Орусияда жалпысынан 180 түрдүү улуттун өкүлдөрү жашайт. Анын ичинде федерациянын 28 регионунда 40 түпкүлүктүү эл бар. Алардын ичинде, маселен, эннэчелердин саны болгону 200 тегерегинде. Дагы көптөгөн улуттарды азыр сиз жолуктура албайсыз. Анткени алар же кырылып жок болду, же башка улуттар менен аралашып кетти, же аларга эмне болгонун эч ким билбейт.

Аларды сактап калуу зарылчылыгы тууралуу милдеттенме Орусиянын Конституциясында да жазылган, башка үч мыйзамда да алардын укуктары бекемделген. Бирок бул улуттардын өздөрүнүн айтымында, бүгүн алардын азайып баратышына аймактагы оор климат эле эмес, ачык эле дискриминация да себеп болууда.

“Чынын айтсам, азыр абал кандай экенин билбейм, - дейт биздин маектешибиз. - Бирок Советтер союзунан калган Конституцияда түпкүлүктүү элдердин маданиятын коргоо боюнча милдеттенме жазылган. Кандайдыр бир мыйзамдар деле бар. Бирок мунун баары ырасмий гана декларативдүү түрдө жасалган кадам. Турмуштагы эң эле маанилүү экономикалык маселелерде чечим чыгаруу укугунан, мисалы, жергиликтүү улуттар куру калышкан. Экономиканы олигархтар эле башкарып турушат. Мыйзамдар жазылганы менен, элдин турмушунда баарын экономика чечип жатпайбы. Аны болсо жалаң орустар, олигархтар гана башкарат”.

XV-ХХ кылымдардагы Европадагы колонизациянын тушунда көптөгөн майда улуттар четке сүрүлүп, бир даары жоголуп да кетти. Айрымдарын такыр жок кылуу боюнча сөз болбогон учурда деле алар өздөрүнүн жашоо образын сактап калганга мүмкүнчүлүгү болбогон шартта жашаганга мажбур болушкан.

“Миң кырдуу дүйнө” радио-түрмөгүндө Саха (Якутиядагы) “Аярхан” музыкалык тобунун жана Чызкирай ырчынын аткаруусундагы ыр-күүлөр колдонулду. Аларды жаратууга берүүнүн каарманы Миша Мальцев да катышкан. Мальцевдин Сибирдеги шаманизм (Якутия, Бурятия) жөнүндө тасмасын да көрсөңүз болот.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG