Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

А.Ярлыкапов: Салафиттер тууралуу бир жаңсыл баа берүү кыйын


Салафиттер Прага шаарында нааразычылык акциясына чыгышты
Салафиттер Прага шаарында нааразычылык акциясына чыгышты

Чехияда 205 казакстандык качкын салафиттер кайрадан аркага депортация болуп кетүү алдында турушат.

Орусия илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунун кызматкери Ахмет Ярлыкапов салафизм агымы жана анын жолдоочулары тууралуу “Азаттыкка” айтып берген. Анын көз карашынын айрым урунтуу жерлери менен кабарчыбыз Илим Жанузаков тааныштырат.

Учурда Чехияда жашап жаткан казакстандык качкын салафиттердин көбү өлкөсүнө депортация болуп кетүү коркунучунда турушат. Аларды түрдүү маалымат булактарында түрдүүчө аташып, кээ бир учурда аларды катуу радикалдык багыттагы агым дешсе, башкалары аларды жөн гана мусулмандар дешет.

Орусиянын илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунун кызматкери Ахмет Ярлыкапов салафиттерди мындайча сыпаттайт:

- Салафиттер деген абдан бүдөмүк түшүнүк. Ошол себептүү ар ким өзүн салафит деп атай алат. “Салаф” – деген сөз ата-бабалар деген мааниде. Ал эми салафиттер өздөрүн Мухаммед пайгамбардын доорунда жашаган ошол ата-бабаларынын жолун жолдоочулар деп эсептешет. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул исламдагы фундаментализмдин бир түрү.

Фундаментализм да ар түрдүү болот. Ал агрессивдүү да, агрессивдүү эмес да болушу мүмүкүн. Маселен, Сауд Аравиясында кайсы бир деңгээлде сыйлуу делген ваххабиттерди деле салафиттерге киргизишет. Бирок Түндүк Кавказда салафиттер кыйла агрессивдүү келет.

Салафиттер деп, исламдын сунни багытындагы мазхабдардын бир агымын түзгөн имам Шафийди да айтып жүрүштү. “Салафит” жана “салафизм” түшүнүктөрү бул өзү бүдөмүк түшүнүктөр. Бирөөлөрдү салафиттер деп атап, ошол мусулман топторуна карата бир багыттуу баа берүү кыйын. Менин баам ушундай.

Ошондой эле салафиттерди террорчулук акцияларга да катышып келишкенин айтып келишет. Окумуштуу Түндүк Кавказда да салафиттер ушул сыяктуу кадамдарга барышарын айтат. Бирок бардык эле салафиттер андай эместигин, террорчулукка каршы болгон салафиттер да бар экенин, Чехиядагы салафиттерден кабары жоктугун айтат:

- Негизинен салафиттер деп аталгандардын көбү террорчулук акцияларга катышып келишет. Исламдык агымдарынын ичинен абдан агрессивдүүлөрдүн катарына салафиттер да кирет. Бирок алардын бардыгы эле андай радикалдуу эмес. Дүйнөдө террорчуларды колдобогон көп эле салафиттер бар.

Ал эми Чехиядагы казакстандык качкын салафиттер өздөрүн шектүү же радикал багыттагыларга кошпой турушканын, эгерде аларды Чехия өкмөтү депортация кылып жиберсе Казакстанданда кыйноолорго туш болушарын айтышат:

- Казакстанда бизди түрмөлөр, кыйноолор күтүп турат. Казакстан бүгүнкү күнү абактагылардын саны боюнча Кытай, Орусиядан кийинки эле орунда турган өлкө. Ал жакта башкача ойлонгон, сөз эркиндигин жактаган жана президент Назарбаевдин коррупциялашкан бийлигин колдобогондорду түрдүү себептер менен түрмөлөргө отургузушат.

XS
SM
MD
LG