Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Окумуштуу Арапбай Марипов дүйнө салды


Арапбай Марипов
Арапбай Марипов

5-июнда кыргызстандык белгилүү илимпоз, маалымат технологиясы боюнча адис, физика-математика илимдеринин доктору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

Профессор Марипов Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.

А.Марипов изилденген объекттин сүрөтүн башка өңүттөн өлчөө аркылуу бул нерсени таануунун жаңы ыкмаларын илимге киргизген.

Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айлында туулган. 1964-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. 1994-жылы "Күн желеси голографиясынын жаңы өңүттөрү" (“Новые аспекты радужной голографии”) темасында докторлук диссертациясын жактаган. Анын жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.

Арапбай Мариповдун сөөгү 7-июнунда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилмекчи.

XS
SM
MD
LG