Парламенттик шайлоодо добуш берүү тилкесине бара албай турган 29010 адам катталды. Алардын добушу 3-октябрда эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө урна аркылуу топтолот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, бул жараян өлкө аймагындагы 1834 шайлоо тилкесинде жүргүзүлөт. Шайлоо комиссияларынын ишине байкоочулар жана журналисттер күбө боло алат.
"Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар: улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо күнү өкмөт үйүндө телефон борбору тынымсыз иштейт.
Расмий маалыматка ылайык, call-борборго шайлоочулар шайлоо эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушуна байланыштуу маселелерде телефон чалып, кабарлашса болот.
Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Факс: (0312) 66 61 97.
«Кыргызтелекомдун» Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык акы алынат.
2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого 16 партия ат салышууда. Алардын тизмеси менен төмөндөгү инфографикадан тааныша аласыз.