Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

14:15 4.10.2020

Ош шаарындагы №5115 шайлоо участогунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тарткан. Анда “Биримдик” партиясына добуш бергенин көрүүгө болот. Ошондой эле шаардагы №5314 шайлоо участогунда Улан аттуу адам добуш берүүгө кирип чыккан адамдарды сурап, добуш бергендерге акча берип жатканы видео тасмага түшүп калган.

"Фейсбукта" "Мекеним Кыргызстан" партиясына берген добушун телефонуна тартып алган шайлоочу кызды башка партиялардын байкоочулары кармап алып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен чогуу акт түзүүнү талап кылып жатышканы тууралуу да видео тасма тарады. Тасманы "Ата Мекен" партиясынын талапкери Сейтек Качкынбай бөлүштү.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова бөлүшкөн видеотасмада "Коронавирусту токтот" деген жазуусу бар беткаптар менен бирге 2 миң сомдон акча берилип жатканы тууралуу айтылган. Тасмадагы адам мунун артында "Биримдик" партиясы турат деп ырастаганын угууга болот.

Каракол шаарында айрым участоктордо добуш берип чыккан адамдарга белгисиз автоунаанын ичинде тизме менен акча таратылып жатканы тууралуу тасма да социалдык тармактарга жарыяланды.

Ушундай эле доомат арыздар бүгүн, 4-октябрь күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө түшүп жатканын БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров журналисттерге билдирди. Ал мындай мыйзам бузуулар күч кызматтары менен чогуу иликтенип, тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын айтты.

14:16 4.10.2020

“Азаттык” радиосунун "Youtube" жана "Фейсбуктагы" шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда Таластагы шайлоону чагылдырып жүргөн кабарчысы Айгерим Акылбековага шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салды. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылды. Окуя Талас шаарындагы №6108 участогунда болду.

Бул тилкеде жалпы 2374 шайлоочу катталган. Алардын 1041и - №2 форма менен добуш берчүлөр. Бир нече ирет шайлоо үкөгү бузулуп, протоколдор түзүлдү. Аталган шайлоо тилкесиндеги узун кезек эртең мененки саат сегизден баштап уланды.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле.

32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган. Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда.

14:17 4.10.2020

Добушканаларда кезек күткөндөр көп

Бишкек гуманитардык университетинин алдында добуш берүү үчүн кезектер тургандар.
1/11 Бишкек гуманитардык университетинин алдында добуш берүү үчүн кезектер тургандар.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Талас шаары.
2/11 Талас шаары.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Айрым шайлоо бекеттеринде урналар иштебей калып, мунун айынан кезек күткөндөрдүн катары калың болуп жатат.
3/11 Айрым шайлоо бекеттеринде урналар иштебей калып, мунун айынан кезек күткөндөрдүн катары калың болуп жатат.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана добуш бере алышат. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.
4/11 Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана добуш бере алышат. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.
5/11 Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Бишкек шаарындагы шайлоо бекеттеринин бири.
6/11 Бишкек шаарындагы шайлоо бекеттеринин бири.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды. 
7/11 Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды. 
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Буга чейин №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирген эле. 
8/11 Буга чейин №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирген эле. 
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52, 26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67 пайызды түзөт.
9/11 Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52, 26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67 пайызды түзөт.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Саат 10:30га карата шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 киши телефон чалды. Өкмөттүн маалыматына караганда, шайлоочулар негизинен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашына жана өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болуп чалышкан.
10/11 Саат 10:30га карата шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 киши телефон чалды. Өкмөттүн маалыматына караганда, шайлоочулар негизинен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашына жана өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болуп чалышкан.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Бишкектеги добушканалардын бири.
11/11 Бишкектеги добушканалардын бири.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Артка
Алдыга

14:17 4.10.2020

Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясы Кыргызстанда көп шайлоочулар добуш бере турган дарегин алмаштырган көрүнүшкө байланыштуу өз сунуштарын берет. Бул тууралуу 4-октябрда «Азаттык» радиосуна КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы Олег Кулеба билдирди:

«Шайлоочулардын 410 миңи добуш бере турган дарегин алмаштырганы айтылган. Бул бардык шайлоочулардын 12%. Албетте, биз буга көңүл бурдук. Даректи негизсиз алмаштырууга жол бербөө боюнча сунуштарыбызды беребиз деп ойлойм».

Кулебанын айтымында, 14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатышат.

4-октябрда алар добуш берүү жалпысынан мыйзам чегинде өтүп жатканын белгилөөдө. Кээ бир жерлерде добуш берүүнүн башталышында үкөк иштебей калган учурлар катталганы айтылды.

30-сентябрда Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенип жатканын кабарлаган.

Башкы көзөмөл органы ар бир жаран эркин добуш берүүгө, №2 форма менен катталууга укугу бар экенин, аны эч ким мажбурлай албасын белгиледи. Бирок эгер №2 форма менен добуш берип жаткандарды кимдир-бирөө топтоп, атайын уюштуруп жатса же документтер жасалмаланып, добуш сатып алуу болгону аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскерткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-сентябрдагы расмий маалыматына караганда, өлкөдө №2 форма боюнча 481 950 арыз түшкөн. Комиссия муну шайлоочуга каттоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары мүнөздөгөн.

Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы добуш сатып алууга шарт түзүү деп атап, БШКны андан баш тартууга чакырган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG