Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Сиирт университетиндеги илимий жыйын Рахманкул ханды да эскерүүдө


Түркиянын Сиирт университетиндеги илимий жыйында. 04.10.2023.
Түркиянын Сиирт университетиндеги илимий жыйында. 04.10.2023.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана Рахманкул хан жетектеген ооган кыргыздарынын Ван аймагына көчүнүн 41 жылдыгына арналган жыйын улантылууда.

2023-жылдын 4-октябрында эгемен Түркия жумуриятынын 100 жылдыгына жана ооган кыргыздарынын тобунун Пакистандан Түркияга көчүп келишинин 41 жылдыгына арналган “Түркия жана түрк дүйнөсү” аттуу коомдук илимдер боюнча эл аралык симпозиум Түркиянын Сиирт шаарындагы Сиирт университетинде өз ишин баштаган.

Жума күнү (6-октябрда) кечкурун жыйынтыкталчу бул илимий шеринеге Азербайжан, АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Чехия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн жалпысынан 45тен ашуун илимий баяндама, онлайн жана видео чыгып сүйлөөлөр жасалып жаткандыгын симпозиумду уюштуруучулар тобунун башчысы, Сиирт университетинин доценти, тарых доктору Гүлниза Айнакулова маалымдады.

Өзгөчө символдук нерсе – Сиирт университетиндеги эл аралык илимий жыйындын отурумдарынын бир бөлүгү бул жогорку окуу жайдын Рахманкул хан атындагы жыйын залында өткөрүлгөндүгү болду.

Жыйындын ачылыш салтанатында Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин видео куттук сөзү сунушталды.

Илимий шеринеге келген коноктордун арасында Швейцариянын жараны Бернар Репонд (Bernard Repond) аксакал да бар. Ал 1979-жылы январда Пакистандын Гилгит аймагында Рахманкул хан Жапаркул уулу (1913–1990) менен алгачкы жолу кезиккен, андан соң Ван аймагына эки ирет келип, Рахманкул хан менен кайра жолугуп, мындагы ооган кыргыздарынын турмушун көрүп кеткен.

6-октябрда бул илимий шерине жыйынтыкталган соң, анын катышуучулары 7–8-октябрда Ван жергесиндеги Улуу Памир айылында Рахманкул хан Жапаркул уулунун жетекчилигиндеги ооган кыргыздар тобунун Пакистандан Түркияга журт которушунун 41 жылдыгына байланыштуу маданий чараларга катышмакчы. (TT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG