Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Сирия: тирешкендер конференцияда жолугушат


Сирияда согуш 2 жарым жылдан бери уланып келатат.
Сирияда согуш 2 жарым жылдан бери уланып келатат.

Сирия өкмөтү жана Батыш колдогон оппозициялык бирикмелер БУУнун сүрөөнчүлүгү менен өткөрүлүп жаткан тынчтык конференциясына катышаарын бышыкташты.

Ошол эле маалда тараптар сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты тууралуу сөз кылганда эки башка позицияларын билдиришүүдө.

Премьер-министр Ваел ал-Халки 22-январда Женевада өтчү жыйынга бийликти өткөрүү үчүн барбайт, "кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун талкуулайбыз" деди. Өкмөттүн кызматтан кетүүсү - оппозициянын негизги талабы.

- Буга чейин кайталап келгенибиздей, биз Женевага бийликти өткөрүү үчүн эмес, башкалар менен катар чечим кабыл алуу процессине катышуу үчүн барабыз. Бирок сиздер билгендей, дүйнө жүзүндө өкмөттөр куралганда алар парламенттеги топтордун негизинде түптөлөт. Биз башка күчтөрдөй эле парламентте биримдик өкмөтүн түзүүгө катышабыз.

Женева-1 сүйлөшүүлөрү өткөөл өкмөт боюнча мунаса табуу үчүн 2012-жылдын июнунда чогулган. Бирок анда президент Башар Асаддын бийликтен кетиши талап кылынган эмес. Сириянын Улуттук коалициясынын лидери Ахмад Жарба бул жыйындардын максаты Асадсыз демократиялык өткөөл өкмөт куруу болушу керек дейт:

- Женева-2 утурумдук жетекчилик, башкаруунун сөлөкөтүн түзүүнү, Сириядагы бийликтин демократиялык жол менен өткөрүлүшүнө багыт алууну көздөөгө тийиш. Биз бул жолугушуунун маанисин ушундай түшүнөбүз. Асаддын Сирияда келечеги жок, убактылуу же өткөөл өкмөттө ага эч кандай роль ыйгарылбайт.

Жарба Иран өкмөттүн тарабында күрөшкөн топторду колдоосун токтотсо, алардын делегациясынын сүйлөшүүлөргө катышуусун кубатташаарын кошумчалады.

Тегеран Москва менен катар Дамаск бийлигинин саналуу өнөктөштөрүнүн катарына кирет. Иран чакыруу алса, Швейцариядагы жыйынга катышаарын билдирди.

"Сирия элин жок кылууда Иран чыныгы өнөктөш, алар сүйлөшүүгө катышабыз дешсе, өз аскерлерин, "Хесболла" согушкерлерин чыгарып кетиши керек. Ошондон кийин гана Женева-2ге катыша алышат", - деди Жарба.

27-ноябрда Тегеранда Иран жана Түркия тышкы иштер министрлери Сириядагы согушуп жаткан тараптарды тезирээк ок атышууну токтотууга үндөштү. "Салгылашуулардын токтотулушу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө түзмөкчү", – деп белгилешти министрлер.

Иран менен Түркия ал жаңжалда эки башка тарапты жакташат. Анкара Катар, Сауд Арабия, АКШ, Франция жана Британиядай эле козголоңчуларды колдоп келатат.

Вашингтон 27-ноябрда Женева сүйлөшүүлөрү өткөөл өкмөт түзүүнү көздөөгө тийиш деген турумун кайталады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Йен Псаки сырткы күчтөр Сириядагы кризиске кийлигишип жатышат деген дооматтарды четке кагып, утурумдук өкмөт куруу кан төгүүгө, Сирия элинин азап чегүүлөрүнө чекит коюунун эң жакшы жолу деп билдирди.

2 жарым жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш болжол менен 120 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон сириялыкты үйлөрүн таштап, башка жерлерде баш калкалоого мажбур кылды.

XS
SM
MD
LG