Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Словакия: журналистти өлтүрүүгө катышкан адам 15 жылга кесилди


Иликтөөчү журналист Ян Куцияк жана анын сүйлөшкөн кызынын сүрөтү. 28-февраль, 2018-жыл.
Иликтөөчү журналист Ян Куцияк жана анын сүйлөшкөн кызынын сүрөтү. 28-февраль, 2018-жыл.

Словакияда сот иликтөөчү журналист Ян Куциякты жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө катышкан деп шектелген беш адамдын бирин 15 жылга эркинен ажыратты. Сот мындай өкүмүн 30-декабрда чыгарды. Прокурорлордун версиясына караганда, ал Куцияк менен сүйлөшкөн кызы Мартина Куснированы өлтүргөн киллерлер менен буйрук бергендердин ортосунда ортомчу болгон.

42 жаштагы Золтан Андруско коюлган айыпты мойнуна алды.

Коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү журналистти жана анын сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы баш калаа Братиславанын четиндеги үйүндө 2018-жылдын февраль айында атып кетишкен. Экөө тең 27 жашта болчу.

Аларды өлтүрүүгө шектелген беш адамдын арасында бай ишкер Мариан Кочнер дагы бар. Төртөөнүн иши Пезинок шаардык сотунда 16-январда каралат.

XS
SM
MD
LG