Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Европадагы калың кар капсалаңы


Босния-Герцеговинанын борбору Сараево, 19-декабрь, 2009-жыл
Босния-Герцеговинанын борбору Сараево, 19-декабрь, 2009-жыл

Европанын бир катар өлкөлөрүндө калың каар менен катуу суук транспорт системасын баш аламандыкка кептеди. Аэропорт, темир жол вокзалдарында жүздөгөн адам өз каттамдарын күтүп отурушат. Кан жолдордо машиналардын бир нече километрлик колонналары пайда болду.

Дем алыш күндөрү эски континентти каптаган сууктан айрым маалыматтарга караганда кеминде 35 киши тоңуп өлдү. Кээ бир жерлерде аба ырайынын температурасы 20 градуска чейин төмөндөдү.

Бир катар аэропорт кардын калыңдыгынан улам, учактарды кабыл алып же жөнөтө албай калышты. Кээ бир аэропорттордо ушу тапта жүздөгөн жүргүнчү өз каттамдарын күтүп отурушат.

Лондондон Париж жана Брюсселге поезд менен барууну чечкендердин да жолу болгон жок. Жумадан ишембиге караган түнү “Евростар” компаниясынын поезддери Ла Манш кысыгы алдындагы туннелде бараткан жеринен бузулуп, токтоп калган. 5 поездде 2 жарым миңге жакын жүргүнчү, анын ичинде аялдар менен балдар 15 сааттай жер алдында тамак-ашсыз, суусуз калышкан.

Компаниянын өкүлдөрү поезддер тыштагы суук менен туннелдин ичиндеги жылуу температура ортосундагы айырмадан улам бузулган болушу мүмкүн дешүүдө. Туннел аркылуу байланыш азырынча жандана элек.

Ачууланган жүргүнчүлөр компаниянын жетекчилиги аларга түздөн түз кайрылып, кечирим сурашпаганына нааразы. Аларга жол акысы кайтарылып берип, 240 доллардай компенсация сунушталды.

Франциянын транспорт боюнча мамлекеттик катчысы Доминик Бүссеро окуяны иликтөөгө буйрук берилерин билдирди. “Кантип эле кардан улам байланыш 3 күнгө токтосун, бул жерде техникалык бир мандем болушу керек”, - деп күмөн санайт Франция өкмөтүнүн өкүлү.

“Евростар” өз кезегинде иликтөө жүргүзүлөөрүн маалымдады. Ага бир нече көз карандысыз адис кирмекчи. Компания азырынча элди ташуу боюнча өзүнө алган милдеттенмени аткара албасын айтууда. "Техникалык себептер дээрлик аныкталганы менен, мындан аркы чечим дүйшөмбү күнкү сыноонун жыйынтыгына жараша кабыл алынат", - деп билдирди “Евростардын” расмий өкүлү. Компания жүргүнчүлөрдү мүмкүн болсо сапарларын кийинкиге жылдырууга үндөөдө.

Ошентип, Крисмасстын алдында 50 миңдей кишинин пландары үзгүлтүккө учурады. Лондон вокзалындагы жүргүнчүлөрдүн бири Ройтерстин кабарчысына буларды айтат:

- Учакка билет алалы десек, акчабыз жок. Эми аркы жээкке сүзүп барганыбыз эле калды. Эмне кылаарды чындап эле билбей отурам.

Европанын бир катар негизги кан жолдорунда машиналардын бир нече километрлик колонналарын көрсө болот.

Балтикадан Балкандарга чейинки суук Польшада бир эле күнү 19-декабрда 15 кишинин өмүрүн алып кетти. Дем алыш күндөрү Франция, Германия, Австрияда бир нече киши сууктан тоңуп өлдү. Болгарияда борбор калаа София баш болуп 130дай шаар-кыштак бир нече саатка электр жарыгысыз калды. Кошуна Румынияда 2 жарым метр кар жаады. Сербиянын чыгышында ондогон айдоочу аз жерден машиналарында тоңуп кала жаздады. Алардын көпчүлүгү алыс эмес жердеги майманканага эвакуацияланып аман калышты.

Синоптиктер болсо майрам күндөрү аба жылый баштайт деп божомолдошот.

XS
SM
MD
LG