Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Сочи: Сотникованын жылдызы жанды


Сочи олимпиадасынын чемпиону Аделина Сотникова.
Сочи олимпиадасынын чемпиону Аделина Сотникова.
Евгений Тимофеевдин акыркы камылгасы

21-февралда кыргызстандык Евгений Тимофеев “Роза Хутор” лыжа базасында кезектеги машыгууларын өткөрүп жатат. Анын жанында кеп-кеңешин айтып устаты Игорь Борисов менен делегация жетекчиси Саламат Эргешов жүрөт. Тимофеев 19-февралда Сочи олимпиадасында гигант слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга илинди. 22-февралда Тимофеев слалом боюнча мелдешке чыгат. Бул мелдеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6дан 45 мүнөт өткөндө башталат. Женя жыгылбай, артта калбай, жоон ортодо марага жетсе, анда күчтүүлөрдүн сабында экинчи ирет жарышка чыгат.

Улуттук олимпиада комитетинин Сочидеги өкүлү, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешовдун айтымында, 12-февралда Сочиде машыгуу маалында жаракат алган Трелевскийдин ден соолугун калыбына келтирүү боюнча камсыздандыруу иш-кагаздары толтурулду. Аны атайын комиссия карап жатат. Буга ылайык ал Москвадагы ооруканалардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алат.

Хоккей: Канадалык айымдар - чемпион!
​20-февралда хоккей боюнча кыз-келиндер командаларынын финалдык күч сынашуулары курч мүнөздө өттү. Мында коло байге үчүн швециялыктар менен швейцариялык айымдар беттешти. Бул оюнга мен дагы күбө болдум. Кыздар жигиттерден кем калбай, ыкчам, шамдагайлык менен чеберчиликтерин көрсөттү. Жыйынтыгында швейцариялык кыз-келиндер коло байгелүү болду. Сочи олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн финалдык беттешүү Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 11де башталып, бирде аяктады. Мында баш байге үчүн Канада жана Америка Кошмо Штаттарынын кыз-келиндер командалары мөрөй талашты. Коңшу эки өлкөнүн айымдары абдан курч, кызыктуу таймаш көрсөттү. Ошентип канадалык айымдар катары менен 2002-жылкы Солт-Лейк Сити олимпиадасынан бери төртүнчү ирет олимпиада чемпиону аталып, баш байгени колдон чыгарбай келишет.

Керлингде дагы канадалыктар кыйын

Сочиде айрым спорт түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталып жатат. 20-февралда шотландиялыктардын улуттук оюну болгон керлинг боюнча кыз-келиндер командаларынын жеңүүчүлөрү да аныкталды. Коло байге үчүн Англия менен Швейцария өлкөлөрүнүн айымдар командалары күч сынашты. Мында бир упай айырма менен англиялыктар үчүнчү орунду ээледи. Ал эми финалда Швеция менен Канада өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Мелдештин жыйынтыгы 6:3 эсеби менен канадалыктардын пайдасына чечилип, алар Сочиде олимпиада чемпиону болушту. Канадалык айымдар хоккей жана керлинг мелдештеринде каармандыкты көрсөтүштү. Фристайл боюнча франциялык жигиттер марага озуп келди.

Биатлон таймашы, слалом мелдеши

21-февралда Красная полянадагы «Лаура» лыжа айдыңында кыз-келиндер арасындагы биатлон боюнча төрт спортчудан катышкан 24 чакырым аралыкка эстафеталык жарыш, мылтыктан таамай атуу Бишкек убактысы боюнча кечки сегиз жарымда башталат. Ошондой эле «Экстрим Парк Роза Хутор» базасында кыз-келиндер арасындагы фристайл мелдешинин финалы болот. Ошондой эле «Роза хутор» тоо лыжа борборунда кыз-келиндер слалом мелдешине катышат.

Хоккей: Ким финалга чыгат?
Орусиялык күйөрмандар
Орусиялык күйөрмандар

Адаттагыдай эле Сочиде күйөрмандар арбын келип, бүйүр кызыткан хоккей мелдештери болууда. 21-февралда эркектер командаларынын мыктылары иргелип, жарым финалда шведдер менен финдер, канадалык жана америкалык хоккейчилер беттешет. Орустардын финдерге 3:1 эсебинде утулуп, байгелүү орундарга талапкер болбой калышын жергиликтүү күйөрмандар кайгылуу окуя катары кабыл алышты. Күйүтүнө чыдабай кыйкырып, орусиялык хоккейчилерди тилдеп, кызымтал болуп жүргөн күйөрмандарды да байкадым. “Казань шаарынан атайын хоккей үчүн келип, орусиялыктарга үмүт кылгам. Алар ишеничти актай албады. Аларга баардык шарт түзүлүп, өз жеринде бой көтөрүп, жылдыз сезип алышып, утулуп уят болушту” - деди кейиштүү түрдө күйөрмандардын бири Ренат Нигматулин.

Көркөм муз тебүү: Аделина Сотникованын жылдызы жанды
Күмүш медалдын ээси Ю-На Ким
Күмүш медалдын ээси Ю-На Ким

20-февраль түнү кыз-келиндер көркөм муз тебүүдө эркин көнүгүү боюнча өнөрүн көрсөтүп, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону, түштүк кореялык Ю-На Ким бул жолу чемпиондук наамды орусиялык Аделина Сотниковага алдырып койду. 17 жаштагы москвалык студент Аделина Сотникова эгемен Орусиянын тарыхында көркөм муз тебүүдө аялдар арасында биринчи олимпиада чемпиону аталып, урмат-сыйга бөлөндү. Төрт жашынан бери көркөм муз тебүү менен машыккан Аделина буга чейин дүйнө чемпионатында ийгилик жарата алган эмес. Европа биринчилигинде гана күмүш байгелүү болгон. Эл аралык Гран-при турнирлеринин жеңүүчүсү. 12 жашында чоңдор менен таймашып, Орусиянын чемпиону болгон. Келечекте устаты Елена Буяновадай машыктыруучу болууну самайт. Көркөм муз тебүү абдан татаал, түмөн түйшүктүү иш дейт. Үчүнчү орунга 27 жаштагы италиялык Каролина Костнер татыктуу болду. Командалык мелдеште Сочи олимпиадасынын чемпиону болгон 15 жаштагы орусиялык Юлия Липницкая бийлеп жатып жыгылып, калыстардан төмөнкү баа алып, бешинчи орунга илинди. Адистер Орусиянын командасында алтын медаль алган кыздын келечеги алдыда дешти.

Норвегия - лидер

Сочидеги кышкы олимпиада күн өткөн сайын курчуп баратат. Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча норвегиялык спортчулар дале лидерликти колдон чыгарыша элек. Азыр алардын капчыгында 10 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медалы бар. Кечээ экинчи орунда турган германиялыктарды америкалык спортчулар дагы бир тепкичке сүрүп койду. Экинчи болгон АКШнын 8 алтын, 6 күмүш, 11 коло байгеси бар. Германия 3-орунда турса, оюн ээлери орусиялыктар 7 алтын, 9 күмүш жана 7 коло байгеси менен төртүнчү орунда келатышат.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай 10-орундан бир тепкич ылдый түшүп калды. Алар учурда 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ. Ал эми Түштүк Кореянын спортчулары учурда 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеси менен 15-катарда турат. Жапондор 1 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгеси менен 17-орунда. Сочиде оюндарга келген 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын бир коло медалы бар. Көркөм муз тебүү мелдешинде коло байге утуп берген Денис Тен Сочидеги мелдештер жогору чеберчиликте өткөнүн, орусиялык Аделина Сотникованын жылдызы жанганын, түштүк кореялык Ю-На Ким ага аз упайга утулуп калганын
«Азаттыкка» айтып берди.

Кабыл Макеш, атайын Сочи
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG