Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:49
Командалар Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо беттешүүдө. 11-январь, 2019-жыл
Командалар Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо беттешүүдө. 11-январь, 2019-жыл

Футбол: Кыргызстан-Түштүк Корея: 0-1

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея мамлекети менен ойноду. Беттеш 1-0 эсебинде Түштүк Корея командасынын жеңиши менен аяктады.

00:23 12.1.2019

00:11 12.1.2019

Футбол: Түштүк Корея Кыргызстанды 1-0 эсебинде утту

Кыргызстандык футболчулар Түштүк Кореянын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голдун автору кореялык коргоочу Ким Мин Же болду. Ал эсепти биринчи таймдын 41-мүнөтүндө ачты.

Кыргызстан-Түштүк Корея оюну 11-январда Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өттү.

"Ак шумкарлар" кийинки оюнду 16-январда Филиппин командасына каршы ойнойт.

Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышууда. "Ак шумкарлар" буга чейин бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген.

Кыргызстан - Түштүк Корея оюну.
Кыргызстан - Түштүк Корея оюну.

23:21 11.1.2019

23:20 11.1.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG