Башкы машыктыруучу Түштүк Корея менен оюнда дарбазачыны алмаштырды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш Түштүк Кореяга каршы оюнга чыкпайт.
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жарыялаган баштапкы тизмеде дарбазачынын милдетин Кутман Кыдырбаев аткармай болду.
Кыргызстан 7-январда Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калган. Ал оюнда дарбазачы Павел Матяш одоно эки ката кетирген.
Азия кубогу: Кытай Филиппинди утту
11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кытай командасы Филиппинди 3:0 эсебинде уткандыгына байланыштуу Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды. Эгерде Кыргызстан бүгүнкү Түштүк Корея менен боло турган беттеште утулуп калса, 1/8 финалдык бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготот.
Ушул учурда «С» тайпасында Кытай алты упайы менен биринчи орунга чыкты. Ал эми Түштүк Кореяда азырынча үч упай бар. Кыргызстан менен Филиппиндин упайлары жок.
Оюн Түштүк Корея командасынын басым алдында жүрүп жатат. Кыргызстан команда менен коргонууга аргасыз. Алгачкы 15 мүнөттө кореялыктар топтун 64 пайызына, Кыргызстан 34 пайызына ээ болууда.