Тандоо мелдештеринин 7-турундагы оюнга Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген калыстар көзөмөл кылышат.
Оюн талаасындагы башкы арбитр түркмөнстандык ФИФА рефери Чарымурат Курбанов. Капталдагы калыс милдети ФИФА реферинин ассистенттери түркмөнстандык Сапармамет Гурбанов жана өзбекстандык Андрей Цапенкого жүктөлгөн.
Резервдеги арбитр түркмөнстандык Алибек Сапаев. Калыстардын ишмердүүлүгүнө сириялык Албхажар Мохаммад Басел көзөмөл жүргүзөт. Оюндун комиссары болуп жапониялык Аоки Катсуфуми дайындалган.
Бишкектеги беттештен кийин иорданиялыктардын алдыда эки оюну бар. 2016-жылы 24-мартта иордан футболчулары өз жеринде бангладештиктерди кабыл алып, 29-мартта Австралияда конокто ойношот. Ал эми кыргыз футболчулары иорданиялыктар менен болгон оюндан кийин 2016-жылы 29-мартта Тажикстанда конокто ойношот.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы:
Дарбазачылар: Павел Матяш («Мазия Спортс», Мальдив); Валерий Кашуба («Хожент», Тажикстан);
Коргоочулар: Талант Самсалиев, Курсан Шератов, Даниэл Тего («Дордой»); Азамат Байматов («Ситра», Бахрейн); Валерий Кичин («Тюмень», Орусия); Тамирлан Козубаев («Гранитас», Литва); Виктор Майер («Меппен», Германия);
Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхард («Прачуап», Тайланд); Антон Землянухин («Раднички» Ниш, Сербия); Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков («Абдыш-Ата»); Ильдар Амиров («Туранспор», Түркия); Турсунали Рустамов («Алга»); Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Ислам Шамшиев («Дордой»);
Чабуулчулар: Виталий Люкс («Нюрнберг-2», Германия); Мирлан Мурзаев («Афжет Афьонспор», Түркия), Иван Филатов («Алга»).
Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин (Орусия)
Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командасы:
Дарбазачылар: Амер Шафи («Аль-Вихдат»), Мотаз Ясин («Тат Рас»), Ахмад Абдель-Саттар («Аль-Жазира»);
Коргоочулар: Ибрагим Аль-Завашрех («Аль-Халидж», Сауд Аравиясы), Мохаммад Мустафа («Аль-Хор», Катар), Анас Бани Ясин («Аль-Райед», Сауд Аравиясы), Мохаммад Аль-Дмейри («Аль-Шамал», Катар), Мохаммед Аль-Баша («Аль-Фихдат»),
Жарым коргоочулар: Баха Абдулрахман («Нажран», Сауд Аравиясы), Хассан Абдель-Фаттах («Аль-Харитият», Катар), Ахмад Абдулхалим («Тат Рас»), Салех Ратиб («Аль-Вихдат»), Ясин Аль-Бахит («Аль-Файсали»), Ражаи Айед, Абдуллах Диб («Аль-Вихдат»), Эсхан Менел Хаддад («Аль-Араби»),
Чабуулчулар: Одай Захран («Шабаб Аль-Ордон»), Монзер Абу Амара («Аль-Вихдат»), Одай Аль-Сайфи («Аль-Сальмия», Кувейт), Хамза Аль-Дардур («Аль-Халидж», Сауд Аравиясы), Юсеф Аль-Равашдех («Аль-Рамтха), Тайер Аль-Башад («Университатя», Румыния), Шариф Аль-Навайшех («Аль-Рамтха»), Ракан Аль-Халди («Аль-Рамтха»).
Башкы машыктыруучу: Пол Пут (Бельгия)