Судандын убактылуу өкмөтү жума күнү бийликтеги «Улуттук конгресс» партиясын таркатуу боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле аялдардын укуктарын чектеген мыйзам да жокко чыгарылды. Ал мыйзам аялдардын кийим-кечесин тескеп, эреже бузгандары жоопкерчиликке тартылчу. Бул апрель айында массалык нааразылык акцияларына чыккан көпчүлүктүн негизги талаптарынын бири болчу.
Судандын азыркы премьер-министри Абдалла Хамдук өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына бул чечим өлкөнүн мурдагы жетекчилигинен өч алуу эмес экенин, болгону судандыктардын кадыр-баркын калыбына келтирүү максатын гана көздөй турганын жазды.
11-апрелде Суданда бир нече айга созулган элдик толкундоолордон кийин аскердик төңкөрүш болгон. Омар Аль-Башир кулатылып, бийликке Аскердик кеңеш келген. Ал эми сентябрь айында оппозициядан, аскерлерден жана жарандык активисттерден түзүлгөн убактылуу өкмөт куралган. Алар үч айда бир катар саясий, экономикалык реформаларды өткөрүүгө убада беришкен. Экс-президент Аль-Башир коррупцияга, арам акчаны адаладаштырууга айыпталып, ага карата кылмыш иши да козголгон.