Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Т. Кененсариев: Күч керек эмес, сүйлөшүү керек


Жалал-Абаддагы экс-президенттин жактоочулары
Жалал-Абаддагы экс-президенттин жактоочулары

Жалал-Абаддагы экс-президенттин жактоочулары өткөрүп жаткан каршылык акциясына ЖАГУнун студенттери катышкан жок. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Ташмамбет Кененсариев билдирди. Анын баамында азыркы кырдаалды жөнгө салууда күч колдонуу туура эмес болот, бардык каршылыктарды сүйлөшүү, түшүндүрүү жолу менен чечиш керек.


- Бүгүн экс-президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери Жалал-Абатта митинг өткөрөт экен деген маалымат чыгып атат. Ошол эле учурда буга чейин Жалал-Абаттагы окуу жайлардагы студенттерди спорт менен машыккан балдар коркутуп-үркүтүп, митингге айдап чыгып атат деген маалыматтар чыгып атты эле. ушул боюнча айта кетсеңиз?

- Биринчиден, апрелдин башындагы окуялардын ичинде Кыргызстандын көңүлүн бурган экинчи орчундуу шаар Жалал-Абат болду. Анткени экс-президент бул жерде болгондуктан бардыгынын көңүлүн бурду. Бирок ал киши Казакстанга чыгып кеткенден кийин абал тынчыгансып эле калган. Бирок ошондон кийин мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев кармалгандан кийин сот ишине байланыштуу кайрадан абал курчуй түштү деп ойлойм.

Айрыкча ишемби күнү ички иштер министри Шерниязовдун келишинде милициялар өздөрүнүн ички органдарына байланыштуу талаптарын коюшуп, ошого карата абал курчугандай көрүндү. Бирок бул окуялардын ичине бир дагы студент катышкан жок, мен кепил боло алам. Анткени бизде андай деле спортсмендер жок, бизде спорттук факультет жок да. Биздин өзүбүздүн спортсмендер бар кадимки эле факультетте окуп аткан. Көбүнчө кимди коргоп жатса ошолордун туугандары, айылдаштары келген. Анан аялдардын топтору жүрөт.

- Сырттан келген спорт менен машыккан балдар студенттерди коркутуп айдап чыгып атат митингге деген маалымат түшкөн да, демек андай жок экен да?

- Жок андай болгон жок. Бизде эки жатакана бар, анда миңден ашык киши турат, анын 80-90 пайызы кыздар. Тескерисинче күнүгө балдарды ошол жатаканада кыздарды коргоп тургула деп дежурлукка койгонбуз.

- Сиз эл менен баарлашып, элдин жанында жакын жүрөсүз, айтсаңыз Жалал-Абатта бүгүнкү күндө кырдаал кандай болуп калды?

- Азыр тынч эле. Мисалы кечээ кечинде да борбордук аянтка барып келгем, абал тынч эле. Бүгүн кичине эл чогулуп, митинг боло тургандай көрүнөт. Анткени өзүңүздөр көрүп калдыңыздар, ишемби күнү бир топ аялдар Бакыт Калыевди бошотуп бергиле деп администрацияга келишкен экен. Азыр эми барып жаңы губернатор анча-мынча адамдар болуп барып чогулуп чечишсе керек. Мен толук айта албайм, бирок бүгүн митинг болот деген ой бар.

- Ташмамбет мырза, "болору болду, боесу канды" дегендей, жаңы убактылуу өкмөт азыр бийлигин жүргүзүп атат, экс-президент жанагыдай окуялардан кийин Кыргызстандан чыгып кетти. Ушул Жалал-Абатта, дегеле өлкө аймагында туруктуулук, коопсуздук болуш үчүн эмне кылыш керек?

- Менимче, бул жерде кандай болсо дагы күч колдонуунун кереги жок, бардыгы сүйлөшүүнүн, мыйзамдын чегинде болуш керек. Биз 12- жана 15-апрель күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин атынан эки жолу кайрылуу жасадык, телеге чыгып сүйлөдүк. ЭлТРден 15 мүнөттүк берүү болду, интернетке дагы бердик.

Биздин максат тынчтыкка чакыруу. Азыр кандай тарап болбосун, күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү менен, элге түшүндүрүү менен ишти алып барыш керек. Эң негизги маселе кыргыздын эки канатын - түштүк-түндүктү чагымчылыкка алып барбаш керек деп ойлойм. Элде тынчтык болот жакында.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG