Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Сактаныңыз: Чочко тумоосу же “Эй-Эйч1-Эн1” эпидемиясы!!!


Тайван. Ветеринария департаментинин кызматкери чочколорду дезенфекциялоого жардамдашууда. 27-апрель 2009
Тайван. Ветеринария департаментинин кызматкери чочколорду дезенфекциялоого жардамдашууда. 27-апрель 2009

Мексикада жаңы катталган чочко тумоосу Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүн камтага салды. Көпчүлүк өлкөлөр жаңы жугуштуу дартты жайылтпоо максатында чек ара көзөмөлүн күчөтүштү. Ошол эле учурда улуттук өкмөттөр элди ашыкча дүрбөлөңгө түшпөөнүн аракетин жасашууда.

Чочко тумоосу же кыскача “Эй-Эйч1-Эн1” деп аталган жугуштуу илдеттен Мексикада 100дөн ашуун адам набыт болгону кабарланууда. Жекшемби күнү Мексиканын президенти Фелипе Калдерон элди жоошутуу үчүн өкмөттө коркунучтуу дартка каршы дары-дармек жетерлик экенин билдирди:

Мексикалык аскер Пантитлан метро станциясында элдин ашыкча топтолбоосуна көз салып турат. Бул да чочко тумоосуна күрөштүн бир жолу. Мехико шаары, 26-апрель
- Биз өтө олуттуу илдет жөнүндө сөз кылып жатабыз. Аны өз маалында тапса, даарыласа болот. Кандай оору болбосун, ага каршы күрөшкөндөй дары-дармегибиз бар. Бул өтө маанилүү. Бул дарыланчу оору. Ал үчүн бизде дарыбыз бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиришинче, чочко тумоосу жуккан адамдын денеси
...чочко тумоосу жуккан адамдын денеси ысып, булчуңдары жана тамагы ооруп, кургак жөтөл пайда болот. Оорукчан улам кусуп, ичи ашыкча көп өтөт. Вирус жөтөл, чүчкүрүк аркылуу же инфекция жуккан оорукчандан түздөн түз жугат.
капылеттен ысып, булчуңдары жана тамагы ооруп, кургак жөтөл пайда болот. Ошондой эле оорукчан улам кусуп, ичи ашыкча көп өтөт. Жаңы илдеттин белгилери канаттуулар тумоосу, чочко тумоосу жана кадимки эле тумоого окшош болуп, жөтөл, чүчкүрүк аркылуу же инфекция жуккан оорукчандан түздөн түз жугат. Чочко тумоосунун жаш вирусу жетилген сайын адам өмүрүнө коркунучтуу болобу же жокпу, анысы али белгисиз, дейт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.

Азырынча чочко тумоосунан коргоочу атайын вакцин же дары да жок. Кадимки сасык тумоодон дарылоочу вакцин чочко тумоосунан коргой алабы, ал да белгисиз.
Бирок чочко тумоосун “Tamiflu” жана “Rekenza” деп аталган вакциндер менен дарыласа болору айтылууда.

20 миллион калктуу Мехико шаарында жаңы илдет жуккан 1300дөн ашуун адам катталды. Дарыгерлер жаңы вирусту билишпегенден улам илдет тез жайылып кетти дешет кээ бир эксперттер.

Эпидемияга каршы күрөшүү үчүн улуттук өкмөттөр тийиштүү вакциндерди камдашып, этияттык чараларын көрүшүүдө. Жекшемби күнү Кошмо Штаттар саламатык сактоо мекемелерин чукул кырдаал абалына өткөрдү. Атайын кордо сакталган “Tamiflu” жана “Rekenza” вакциндеринин 25 проценттин же 12 миллион дозасын оорууканаларга шашылыш жөнөттү.

Президент Обама дүйшөмбү күнү Вашингтондогу Улуттук илимдер академиясында болгондо өкмөт кырдаалга этият көз салып турганын маалымдады:

- Биз Кошмо Штаттарда чочко тумоосу катталган жайларга кылдат байкоо салып турабыз. Анткени, капылет өзгөчө этияттыкты талап кылат. Бул бирок коркууга себеп болуш керек эмес. Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал абалы бизде бар ресурстарды ыкчам жана натыйжалуу пайдалануу үчүн керек.

Дүйшөмбү күнү Испанияда чочко тумоосу жуккан биринчи кесел катталды. Артынан эле Евробиримдиктин саламаттыкты сактоо комиссары европалыктарды Мексикага жана АКШга каттоону убактылуу токтотууга чакырды. Азиянын бир катар өлкөлөрү Мексика жана Кошмо Штаттардан келген жарандарды карантинге коюп, чочко тумоосуна текшере баштады.

Евробиримдик 30-апрелде коркунучтуу жана жугуштуу “Эй-Эйч1-Эн1” вирусуна каршы көрүшүү боюнча министрлер деңгээлинде жыйын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG