Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Сирия: АКШ коалиция куроо аракетинде


Британ парламенти каршы добуш бергенине карабастан, Кошмо Штаттар Сириянын бийликтерине каршы ыктымал сокку ура турган эл аралык коалиция түзүү аракетин улантууда.

Жума күнү Филиппиндин борбору Манилада өткөн маалымат жыйынында АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел Вашингтондун көз карашын төмөнкүдөй билдирди:

- Башкы максат – Сирияда биз менен чогуу аракеттене турган эл аралык коалицияны куроо, буга чейин бир катар өлкөлөр химиялык куралды колдонууга каршы көз карашын ачык айтканына күбө болдук. Биз өнөктөштөр жана шериктер менен кеңешүүнү улантабыз.

Кошмо Штаттардын коргоо министри өткөн жумада Сириянын борбору Дамасктын жанында химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматты иликтөө улантыларын кошумчалады. Ошентип, бейшембиде британ парламенти Сириянын режимин кулатуу максатындагы аскердик операцияга каршы добуш бергени менен, эми АКШ Британиясыз эле коалиция түзүүгө умтулуп жатканы маалым болду. Барак Обаманын атынан таратылган билдирүүдө бардык чечимдер америка элинин кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынаары айтылат.

АКШ жана анын өнөктөрү 21-августта жүздөгөн адамдын өлүмүнө алып келген шектүү химиялык чабуулдун артында Сириянын өкмөттүк күчтөрү турат деп айыпташкан. Сириянын бийликтери ал чабуул үчүн козголоңчуларды күнөөлөп, алар Батыш мамлекеттери тез арада кийлигишсин деп атайын ошондой бузукулукка барды деп билдирген.

Британ парламентинде бейшембиде каршы добуш бергендер Сириядагы ал чабуул боюнча Улуттар уюмунун тергөөчүлөрү жыйынтык жасай электигин, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы аскердик операция маселесин колдой электигин жүйө келтиришти. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өкмөттүн сунушу парламентте өтпөй калганын моюнга алып, парламенттин чечимин өзгөртүү ниети жоктугун ырастады:

- Химиялык куралдарга каршы катаал жооп берүү керектигинен эч шек санабайм. Ошол эле учурда парламенттин чечимин урматтоо зарыл деп ишенем. Өкүлдөр палатасы Сириядагы ыктымал аскердик операцияны колдобой турганын билдирди. Муну - жалпы британ калкы көз карашын британ парламенти аркылуу билдирди деп түшүнөм. Алар британ аскерлери Сириядагы операцияларга аралашуусун каалабайт экен. Өкмөт ошого жараша иш кылат.

Улуттар уюмунун инспекторлору Сириядагы чабуулду ар тараптуу иликтөө иштерин ушул ишембиде аякташы керек. Сириянын өнөктөшү Орусия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде президент Башар Асаддын режимине каршы кандай болбосун күч колдонууга каршы добуш берген. Сириянын президенти Асад бейшембиде өлкө кандай болбосун баскынчылыктын мизин кайтарып, коргонууга даяр турат деп кайталады.

XS
SM
MD
LG