Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Сирия: Идлибдеги аба сокку үчүн Орусия айыпталды


Идлибдеги аба соккусунан кийинки куткаруу иштери. 30-май, 2016-жыл.
Идлибдеги аба соккусунан кийинки куткаруу иштери. 30-май, 2016-жыл.

Сириянын Идлиб шаарындагы аба соккуну ким жасаганы боюнча талаш чыкты.

Урушка байкоо салып келе жаткан активисттер кеминде жыйырмадан ашуун адамдын өмүрү кыйылган аба соккуну Орусиянын учактары жасады деп ырастаса, Москва мындай маалыматтарды четке кагууда.

Козголоңчулар колундагы Идлиб провинциясында акыркы 24 саат ичинде Сириянын өкмөттүк учактары да аба соккулардын ыргагын күчөткөнү кабарланып жатат.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб шаарына аба соккуну Орусия жасаганы тууралуу алгач Түркия билдирип чыккан эле.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги атүгүл башында курмандыктардын санын 60тан ашуун, жаракат алгандар санын 200дөн ашуун деп маалымдоо менен бул окуяны Орусия жана Сирия өкмөттөрүнүн “актоого болбой турган” кылмышы деп атаган.

Аба соккуну Орусия жасады деген ырастоону Түркиянын артынан Сириядагы урушка башынан байкоо салып келе жаткан бейөкмөт уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да колдоду, бирок курмандыктардын санын 23кө түшүрдү жана арасында кеминде жети бала бардыгын, жаракат алгандар ондоп саналарын белгиледи.

30-май күнү каш карайгандан кийин жасалган аба соккудан соң куткаруучулар урандылардын алдындан эки-үч жаштагы баланы аман-эсен алып чыгып жаткан учур тартылган видеону окуянын жергиликтүү күбөлөрү интернет аркылуу таратышты:

Идлибдеги аба сокку үчүн Орусия айыпталууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

- Орусиянын аскерий учактары Идлибге абадан бир нече жолу сокку урушту. Канча адам өлгөнүн же жаракат алганын азырынча аныктоо мүмкүн эмес. Биз жарандык коргонуу кызматкерлери бомба тийген бир нече жерге жөнөтүлдүк, -дейт окуянын күбөлөрү тараткан видеодо кыйраган жана от күйгөн имараттын жанынан куткаруучулардын бири.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын ырастоосунда, 30-майдагы ондой аба соккусу учурунда Идлибдеги оорукананын айланасы, коомдук парктар алынган.

Идлибдеги аба соккусунан кийинки куткаруу иштери. 30-май, 2016-жыл.
Идлибдеги аба соккусунан кийинки куткаруу иштери. 30-май, 2016-жыл.

Орусия тарап болсо бул маалыматтарды кескин түрдө четке кагууда.

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков 31-май күнкү билдирүүсүндө Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын айткандарын “коркутуу” деп сыпаттоо менен Орусиянын учактары эч кандай аскерий миссияга чыккан жок, Идлиб провинциясында эч кандай аскерий сокку жасабады деп ырастады.

Идлиб - Сириянын козголоңчулар колундагы шаары. Өзү аты уйкаш провинциянын аймагын түрдүү козголоңчул топтор көзөмөлдөйт. Арасында “ал-Каидага” өнөктөш, “ал-Нусра фронту” деген да уюм бар.

Террористтик уюм катары саналган “ал-Нусра” фронту “Ислам мамлекети” тобу сыяктуу эле АКШ менен Орусия макулдашкан планга ылайык, быйыл февралдын соңунан башталган жана кийин үзгүлтүккө учураган тынчтык жараяндан чыгарылган.

Идлибде акыркы 24 саат ичинде Сириянын өкмөттүк учактары да аба соккулардын ыргагын күчөткөнү, бул кургактан чабуулга даярдык үчүн жасалып жатканы кабарланууда.

Идлибдин Маарет ал-Нуман шаарчасы аба соккусунан кийин. 31-май, 2016-жыл.
Идлибдин Маарет ал-Нуман шаарчасы аба соккусунан кийин. 31-май, 2016-жыл.

Ал эми ок атышууну токтотуу боюнча февралдын соңундагы макулдашуулардан кийин БУУнун ортомчулугу астында башталган, бирок кайра үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрдүн келечеги али бүдөмүк болуп турат.

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын мөөнөтү белгилене элек, бирок сириялык оппозициячыл топтордун башын бириктирген жогорку сүйлөшүү комитетинин башкы өкүлү Мухаммед Алуш ушул аптада ал сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялады. Мунун себептерин Сириянын өкмөтү олуттуу сүйлөшүүлөргө даяр эместиги менен түшүндүрдү.

Ал эми Башар Асаддын өкмөтү болсо өткөн аптада Сириянын алар көзөмөлдөгөн эки аймагында 150дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган жардыруулардан кийин тынчтык орнотуу аракеттерине тоскоолдук кылып жатканы үчүн коңшу Түркия, Сауд Арабия, Катарды айыптады. Расмий Дамаск бул үч өлкө козголоңчул топторду колдойт деп эсептейт.

Жер ортолук деңиз жээгиндеги Тартус жана Жабли деген жердеги жардыруулар үчүн болсо “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG