Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Израил Сирияны аткылады


Сирия -- Израил чек арасына жакын айылдагы жарылуудан кийин көтөрүлгөн түтүн. 7-ноябрь, 2012.
Сирия -- Израил чек арасына жакын айылдагы жарылуудан кийин көтөрүлгөн түтүн. 7-ноябрь, 2012.

Жекшембиде Израилдин армиясы Сирияны эскертүү иретинде аткылады. Армия Израил басып турган Голанд дөбөлөрү Сириядан аткылангандан кийин Сирияга эскертүү берип жатканын айтууда.

Израил армиясынын маалымат катчысы Авитал Лейбовичтин айтымында, замбиректен атылган октор Израилдин өзүн бутага албаганы түшүнүктүү болсо да, Израил эскертүү иретинде Сирия аткыланганын кабарлады:

- Мына азыр эле замбиректин жаңылыш огу Голан дөбөсүндө турган биздин коргонуу күчтөрүбүзгө келип тийди. Бул Израилге багышталган эмес, Сириядагы ички жаңжалдын кесепети экенин биз түшүнөбүз. Биз Сириянын аймагын эскертүү иретинде аткыладык жана ошондой эле бул окуя боюнча Бириккен Улуттардын каналы аркылуу нааразылык билдирдик.

Ошону менен 1973-жылдагы Йом Киппур согушунда Сириянын аймагына кол салгандан бери биринчи жолу Израилдин аскерлери Сириянын аймагын ракетадан аткылады. Ал согушта Сириянын армиясы Түштүк Голан дөбөлөрүнүн бир тобун басып алып, бирок кийин аларды Израил күчтөрү сүрүп чыгарган эле.

Израил менен Сирия 1979-жылы кол койгон убактылуу элдешүү келишиминин негизинде Голан дөбөлөрү дээрлик толугу менен Израилдин колунда калган.

Израил Голанды 1967-жылы Жакынкы Чыгыш согушунда басып алып, 1981-жылы өз аймагына кошкон. Израилдин бул кадамы эл арлык коомчулук тарабынан таанылган эмес.

Жекшембидеги окуя Сириядагы жаңжал аймактагы башка өлкөлөргө да тарап кетпейби деген кооптонуу улам күч алып жаткан мезгилге туура келди. Бул күнү Сириянын аскерлери башка өлкөлөр менен чек араларында согушкерлер менен салгылашты.

Сириянын түштүк-чыгышындагы Ирак менен чек арага жакын Ал-Букамал шаарында өкмөттүк тик учмалар козголоңчуларды бомбалады.

Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө борборунун маалымдашынча, өкмөттүк тик учмалар ошондой эле Түркия менен чек арадагы Рас ал-Аинди аткылады. Мунун алдында Эркин Сирия армиясы Сириядагы күрт жамаатынын басымдуу бөлүгү жашаган аймактагы чек ара өткөөлүн басып алган эле.
Бул окуяга байланыштуу Түркия да Сирияны аткылады.

XS
SM
MD
LG