Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Алепподогу кырдаал кызуу талкууда


Алеппо
Алеппо

4-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сирия маселеси каралды. БУУнун саясий маселелер боюнча өкүлү Жефри Фелтман Сирияда аскердик кылмыштарды иликтөөнү Эл аралык кылмыш сотуна берүүнү сунуштады. Бул арада АКШ жана Орусия Алепподо ок атууну токтотууну 48 саатка узартууну макулдашты.

Ок атууну токтотуу келишимине карабай Сириянын экинчи ири шаары Алепподо өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын ортосунда атышуу, бомбалоо жана ракеталык чабуулдар орун алууда. Акыркы күндөрү ооруканалар аткылоого алынып, кеминде 25 кишинин каза болгону кабарланды.

Ок атышууну токтотуу режими болсо 27-февралда киргизилген. Бирок ал келишим террордук деп таанылган "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-нусра" террордук уюмдарына таркабайт. Алеппо шаарынын бир бөлүгүн болсо оппозициялык күчтөр көзөмөлдөп турат.

Алепподо кырдаалдын курчушу 27-февралда күчүнө кирген келишимдин бузулушуна, өкмөттүк күчтөр менен оппозициялык күчтөрдүн жарашуу жараянын жокко чыгарууга жакындап калган.

Ошондуктан БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура 2-майда Женевада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, 3-майда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөрдү.

4-майда болсо Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жыйналып, анда Алепподо түзүлгөн кырдаал каралды. БУУнун саясий маселелер боюнча өкүлү Жефри Фелтман Коопсуздук Кеңештин жыйынында Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппону бомбалоодо аскердик кылмыштарга барууда, ошондуктан Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууну сунуштады. Ал ошондой эле Сирия оппозициясы да аскердик кылмыш катары баалана турган аракеттерди жасап жатканын кошумчалады. Аскердик кылмыш катары Фелтман атайын ачарчылыкты курал катары колдонууну, ооруканаларды аткылоону атады.

БУУдагы Британия элчиси 4-майдагы жыйындын негизинде чечим кабыл алууну сунуштады. Бирок ал Коопсуздук Кеңештин калган 15 мүчөсү тарабынан толук колдоо алган эмес. Алар АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен Алепподо 5-майдан тарта ок атышууну токтотууну 48 саатка узартуу чечиминин жыйынтыгын күтүүнү чечишти. Ал жаңы келишим тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 4-майда билдирген эле:

- Кошмо Штаттар жана Орусия өз командаларыбыз менен 5-майдын кечинен тарта Алеппо провинциясында, анын ичинде Алеппо шаарында жана анын айланасында ок атууну токтотуу келишимин кайра күчүнө киргизүү тууралуу макулдашууга жетиштик.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин Алепподогу кырдаал кооптонуу жаратып жатканын Коопсуздук Кеңешинде билдирди:

- Сириянын кээ бир жерлеринде, анын ичинде Алепподо кырдаалдын курчушу кооптонуу жаратпай койбойт. Өкмөттүк күчтөр жихадчыл күчтөрдүн масштабдуу чабуулдарына каршы турууда. Акыркы күндөрү өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган аймактарды жоочулар тараптан аткылоо көбөйдү.

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Сирия чатагына таасири бар тараптар өз таасирин колдонуп, согушту токтотууга тийиш деди:

-Таасири бар бардык тараптар, анын ичинде Орусия жана Иран режимге басым көрсөтүп, өзүнө алган милдеттерди аткарууга жетишүүсү керек. Биз тараптан, Кошмо Штаттар оппозицияга ошондой аракеттерди жасайбыз. Биз өнөктөшүбүз Орусия менен Алеппо жана Сириянын башка жерлеринде да туруктуу жана бекем тынчтык орношуна, ок атуулар токтошуна аракеттенебиз.

Ошентип, АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында 5-майдын кечинен тарта 48 саатка чейин ок атууну токтотуу келишими узартылат. Андан кийин кырдаал кайсы жагына өзгөрүүсүн айтуу кыйын. Анткени каршылашкан тараптардын бири-бирине талабы келишкис бойдон калууда. Сирия президенти Башар Асад “террорчуларды акыр-аягына чейин талкалоо” максатынан тайбаса, оппозициялык күчтөр “Асадсыз Сирия” деген ураанынан кайтпай турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG