Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Лавров Дамаскта Асад менен масилет курду


Сириянын президенти Башар Ассад (солдо) Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешүүдө. Дамаск. 7-февраль 2012
Сириянын президенти Башар Ассад (солдо) Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешүүдө. Дамаск. 7-февраль 2012

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү Сирияга келип, президент Башар Асад менен жүзмө-жүз сүйлөштү.

Ал Сириядагы куралдуу каршылашууларды токтотуу үчүн Асадды саясий реформага барууга көндүргөнгө аракет кылары айтылууда. Бирок Асадга эмне сунуш жасалары купуя кармалууда.

Лавров, маалымат булактарынын кабарлашынча, Асадга “Араб өлкөлөрү менен ынтымакта жана мунасада жашоо” алар үчүн пайдалуу экенин айтып, ар бир лидер “кызматына жараша жоопкерчиликти өзүнө алуусу керек” экенин кошумчалаган. Аны Орусиянын тышкы чалгындоо кызматынын директору Михаил Фрадков коштоп жүрөт.

Лавров Бахрейнде жасаган билдирүүсүндө Москва Сириядагы 11 айдан берки эрегишти тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү жок жөндөгөндү оң көргөнүнө көңүл буруп, бул жөнүндө Араб лигасынын баш катчысы Набил ал-Арабиге кабарлаганын айткан эле.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама да Батыш өлкөлөрү Сириядагы кризисти күчкө таянбай токтотууга башынан эле кызыкдар болуп келгенин билдирген.

Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон айым да 6-февралда Бразилиядагы конференцияда сүйлөп, Сириядагы саясий коогалаңды токтотууга өлкөдөгү бардык күчтөрдүн катышуусу зарыл деди:

- Биз өткөөл жараянды көрүүбүз керек. Тынчтык жараянына жол табууга бардык адамдар, Сириядагы көпчүлүккө катар азчылыктар да тартылышы абзел.

Сирия боюнча Араб лигасынын тынчтык планынын негизинде даярдалган резолюция долбооруна Кытай жана Орусия каршы чыгып, кабыл алынбай калгандан кийин Батыш өлкөлөрү жаңы стратегияны ойлонууда. Ливиядагы былтыркы окуялар кезиндегидей, Сирия боюнча байланыш группасын түзүү жагы да каралууда.

Москва менен Бээжиндин Башар Асадды президенттиктен кетүүгө чакырган резолюцияга вето жарыялоосун көпчүлүк Батыш мамлекеттери жана Араб дүйнөсү кескин сынга алган. Буга жооп ирети Кытайдын расмий булактары Батыштын Ливия, Ооганстан жана Ирактагы режимди армиянын жардамы менен өзгөртүүсү чоң жаңылыштык болгонун айкын кылды деп жазышты.

Орусия болсо Коопсуздук кеңешинин резолюциясы Асаддын режими менен күрөшкөн куралдуу топторду эч нерсеге милдеттендирбейт жана өлкөнү жарандык согушка түртөт деген пикирин айтууда. Сирия оппозициясы Кытай менен Орусиянын позициясы өлкөнү кеңири масштабдагы кандуу булоонго алып барат дейт.

Дүйшөмбү күнү козголоңдун очогу - Хомс районунда аскерлер 100 чамалуу адамдын канын төккөнүн Сирия оппозициясы билдирди. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Сириянын Ички иштер министрлиги Хомстогу операциянын жүрүшүндө алты аскер катардан чыгып, 10 аскер жарадар болгонун маалымдады.

Дамасктагы опурталдуу жагдайдан улам АКШ артынан Британия жана Италия да элчилерин чакыртып алды. Мурда Марокко менен Тунис да Сириядагы элчиликтерин убактылуу жапкан.

Адам укугун коргоочулардын эсебинче, Сириядагы калабада 6 миңден ашык адам бейажал өлдү. ЮНИСЕФтин билдиришинче, алардын 400ү жаш балдар.

Шаршемби күнү расмий Анкара Сирия боюнча жаңы демилге көтөрдү. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, Түркия дүйнөнүн көңүлүн Сириядагы калабага бурганга бар дипломаттык дараметин жумшайт.

Ал эми Европа Биримдиги Сирияга каршы жаңы санкция киргизүүнү мерчемдеп жатканы кабарланды.

Көпчүлүк серепчилердин айтышынча, Асад атасынан мурастап алган бийликти колдон чыгарса, Орусия Жер Ортолук деңизиндеги жападан жалгыз деңиз-аскер базасынан ажырап калышы мүмкүн. Сирия курал жаракты негизинен Орусиядан сатып алат.

XS
SM
MD
LG