Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Сирия: аскердик кийлигишүү кайым айтышуу жаратты


АКШда нааразылык акциясына чыккандар
АКШда нааразылык акциясына чыккандар

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов Сириядагы аскердик операцияга чакырыктар БУУнун хартиясына шек келтирет деп билдирди.

Бул тууралуу ал Гаагада БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушууда айтты. Москва эл аралык инспекторлор иликтөөсүн аяктамайынча, химиялык чабуулга жооп кайтаруу маселесин талкуулоо эрте деп эсептейт.

Кытай да Орусиянын турумун колдоп, аскердик кийлигишүүгө караманча каршы чыкты. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бул БУУнун хартиясына каршы келип, Жакынкы Чыгыштагы абалды туруксуздаштыра турганын белгиледи.

Ван ошондой эле химиялык куралдын колдонулушу боюнча БУУнун инспекторлору ишин бүтмөйүнчө алдын ала божомолдорду айтуу опурталдуу экенин кошумчалады.

АКШ президенти Барак Обама жүздөгөн адамдын өлүмүнө алып келген чабуулду Дамаск өкмөтү ишке ашырган деген тыянакка келгенин айтып, ошол эле маалда аскерий чаралар тууралуу чечим кабыл ала электигин белгиледи.

Анын айтымында, химиялык куралдын колдонулушу АКШнын улуттук кызыкчылыктарына тиешеси бар жана алдын ала чаралар Сириядагы кырдаалдын өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизмек. Бул тууралуу ал Американын коомдук телеканалына берген маегинде айтты.

Бирок Обама Сирияга аскердик кийлигишүү боюнча чечим кабыл ала электигин баса белгиледи. Обаманын айтымында, мындай чечим кабыл алынган күндө да АКШнын Сириядагы аскердик күчтөрү чектелүү болот.

Бириккен улуттар уюмунун химиялык куралдын колдонулганын же колдонулбаганын иликтеп жүргөн инспекторлору Сириядан ишемби күнү кетишет. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бул тууралуу бүгүн Венада айтты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG