Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Сирия президенти Британияны сындады


Сирия -- Автомашинага коюлган бомба жардыруусунан кийин. Дамаск, 21-февраль, 2013.
Сирия -- Автомашинага коюлган бомба жардыруусунан кийин. Дамаск, 21-февраль, 2013.

Сирия президенти Башар Асад кызматынан кетпей турганын кайталап, Британия Сирия оппозициясын колдоодо деп сындады.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хэйг мындай сынга жооп кайтарып, британдар Асад жетектеген кыргындан жапа чеккен карапайым сириялыктарга жардам беришүүдө деди. Режимге каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар менен бийлик ортосунда эки жылдан бери уланып келаткан жаңжал 70 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетти.

Sunday Times гезитине берген телеинтервьюда Асад Британиянын Сириядагы кризиске кийлигишүүсүн “баланын кыялы” менен салыштырды:

- Британия маселени аскердик күч менен чечүүгө белсенген кезде анын Сирия кризисин жөнгө салууда роль ойношун кантип күтсө болот? Террористтерди курал менен камсыздап, сириялыктардын диалогуна өбөлгө түзүүгө аракеттенбесе, кырдаалды жакшыртуу, стабилдештирүүгө салым кош деп кантип кайрылабыз? Бул – логикага сыйбайт.

Асаддын мындай сынына Британ тышкы иштер министри Уильям Хэйг жооп кайтарып, анын комменатрийин “азыркы заманда кайсы бир улуттун лидери берген эң сандырак интервью” деп атады:

- Кыргындын башында турган адамга анын айынан өз үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон адамдарга британдар азык-түлүк, жууркан-төшөк, чатырларды жиберип жатканын айтаар элек. Президент Асадга кызмат өтөгөн аскерлерден азап чеккен, алардын куралынан жарадар болгон элди биз дары-дармек менен камсыз кылуудабыз.

Британия башка Батыш жана Араб мамлекеттери менен катар Асадга Сириянын болочок өкмөтүндө орун жок деген көз карашты карманат. Лондон ошондой эле сириялык козголоңчуларга курал-жарак жөнөтүү эмбаргосун алып салуу сунушун сүрөөнгө алып келгендердин бири. Бирок Европа Биримдиги ал демилгени четке кагып, техникалык жана гуманитардык жардам жиберүү гана уруксат берген.

Режимге каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар менен бийлик ортосунда эки жылдан бери уланып келаткан жаңжал 70 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетти.

Sunday Times гезитинин кабарчысы менен маегинде Асад кызматынан кетпей турганын кайталап, андай кадам урушка чекит коёт деп ойлоо “абсурд” деди.
Президент ошондой эле “террористтер” эмес “оппозиция” менен гана диалогго бараарын айтты. БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун жана Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими оппозиция менен Асад ортосундагы сүйлөшүүлөргө арачы түшүүгө даярдыгын билдирип келатышат.

Ал тапта АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Жакынкы Чыгыш сапарын улантууда. Сүйлөшүүлөрдүн чордонунда Сирия маселеси да болууда. Өткөн аптада Вашингтон Асадга каршы күрөшкөн күчтөргө аскердик эмес жардам жана оппозициянын карамагына өткөн аймактардагы билим берүү жана санитардык максаттарга 60 миллион доллар бөлүү чечимин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG