Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Сирия: жаатташкан тараптар сүйлөшүүдө сыналат


Өкмөткө каршы Алеппо шаарындагы демонстрация. 11-март, 2016-жыл.
Өкмөткө каршы Алеппо шаарындагы демонстрация. 11-март, 2016-жыл.

Сирия боюнча БУУнун ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Женевада башталды.

Президент Башар Асаддын режими менен оппозициячыл топтордун делегациялары ортосундагы сүйлөшүүлөр Сириянын өзүндө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенден кийинки учурга туш келди.

Узактан бери күтүлгөн сүйлөшүүлөр Сирияда арты жарандык согушка айланып кеткен жаңжал тутанышынын беш жылдыгына тушташ башталды.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистуранын айтуусунда, сүйлөшүүлөрдүн бул маңыздуу болот деп күтүлгөн бөлүгү эң көп дегенде үч айлампа менен, ал эми алгачкысы он күн ичинде жыйынтыкталышы керек:

- Эгер бул сүйлөшүүлөрдө же андан кийинки айлампаларда биз сүйлөшүү үчүн чын ниетти байкабасак, мындай болбойт деп биз көптөн көп үмүттөнөбүз, анда бул маселени таасир көргөзө ала тургандардын: Орусия, АКШ жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна кайтарабыз. Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташынын) альтернативасы деп айрымдар “Б” планды аташууда. Менин билишимче, бул азыркыга чейинкиден да жаман согушка кайтуу дегенди билдирет.

Путиндин жарыясы

Орусия Женевадагы сүйлөшүүлөргө тушташ Сириядан аскер күчтөрүнүн “негизи бөлүгү” чыгарыларын жарыялады. Президент Владимир Путиндин айтуусунда, орус “аскерий контингентинин негизги бөлүгү” 15-марттан тарта чыгарыла баштайт.

Бул маселе Сирия президенти Башар Асад менен телефондон талкууланды жана Москва Дамаскка “терроризмге каршы” күрөштө колдоо көрсөтүүсүн уланта берет. Сирияда беш ай мурда операция баштаган Орусия президенти ага катар алардын “аскерлерди чыгаруусу” жаңжалды саясий жол менен жөнгөрүү ишине дем берерине да үмүт артарын билдирди.

Президент Путин коргоо министри Шойгуга Сириядан аскер күчтөрүн чыгарууну айтып жаткан кез. Москва, 14-март, 2016-жыл.
Президент Путин коргоо министри Шойгуга Сириядан аскер күчтөрүн чыгарууну айтып жаткан кез. Москва, 14-март, 2016-жыл.

Сүйлөшүүлөрдүн өткөн айда буга чейинки айлампасы президент Асаддын абадан Орусиянын учактары колдогон аскерлеринин өлкөнүн экинчи ири шаары – Алеппого жасаган чабуулунан улам үзүгүлтүккө учураган эле.

Ал эми азыркы айлампаны утурлай АКШ менен Орусиянын биргелешкен планына ылайык, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен.

“Ислам мамлекети” жана башка террордук уюмдарга каршы операцияларга жайылтылбаган макулдашуунун шарттары жалпысынан сакталып жатканы айтылууда.

АКШнын чакырыгы

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөрдүн жуп алдында Асаддын режимин жана анын өнөктөштөрүн 27-февралдын түнүнөн тарта күчүнө кирген ок атышууну токтотуу макулдашуусун кыянат пайдаланбоого чакырды:

- Ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузуунун көбөйүшү Сириядагы кыянатчылыктардын узак мезгилинде алгачкы ирет жетишилген нерсени тобокелдикке кептейт. Биз баарыңарды, адамдарды, массалык маалымат каражаттарын муну ким чындап бузуп жатканына жакшыраак көңүл бурууга чакырабыз. Эгер Сирия режими жана анын калкалоочулары кээ бир аймактарда милдеттенмебизди аткарбай коё алабыз дешсе, алар терең жаңылышат. Себеби Сириянын эли аскерий аракеттер токтошун чечкиндүүлүк менен колдойт. Анткени мындан алардын турмуш-тиричилиги жеңилдөөдө. Маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү ок атышууну токтотуу шарттарынын эң ири бузуучусу - президент Асаддын режими.

Женевадагы сүйлөшүүнүн катышуучулары Сириянын жаңы өткөөл өкмөтүн куроо, жаңы Конституцияны кабыл алуу, андан кийин 18 ай ичинде БУУ көзөмөлү астында парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү маселесине кайрылуусу керек.

Асад боюнча ажырым

Сириянын оппозициячыл топторунун башын бириктирген жана Саудияда жайгашкан уюм – Жогорку сүйлөшүү комитетинин билдиргенине караганда, алар Женевада өткөөл өкмөткө Башар Асад жана анын өнөктөштөрү кошулбоосун талап кылышат:

- Биз талкуулашыбыз керек болгон маселелердин бири - БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясында көргөзүлгөндөй, өткөөл башкаруу органы. Эгер башкаруучусу жана багытты аныктоочусу Асад болсо улуттук биримдик өкмөтү жарала албайт. Бул такыр кабыл алынгыс. Жарым миллион сириялык биз Асадды дагы көпкө сакташыбыз үчүн эмес, анын бийлигин токтотушубуз үчүн шейит болду. Эгер Асад кетсе, Сирия элинин азап-тозогу, буга кошумча региондогу башаламандык, терроризм да бүтөт, - деди оппозиция тараптан сүйлөшүүгө катышып жаткандардын бири, “Ислам армиясы” деген топтун лидери Мухаммад Алуш.

Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү болсо Асаддын саясий болочогу жана оппозициянын ал бийликтен кетсин деген чакырыгы азыркы сүйлөшүүнүн күн тартиби эместигин айтып жатышат.

- Сириядагы маанилүү адамдардын бирине тиешелүү маселе боюнча минтип айтуу сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасын жана БУУнун чабарман де Мистуранын аракетин ачык эле үзгүлтүккө учуратууну көздөгөндүк, - деди Сирия өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Башар ал-Жафари.

Анын алдында Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем да оппозициянын Асад бийликтен кетсин деген чакырыктары расмий Дамаск үчүн “кызыл сызык” болорун, бул сүйлөшүүлөрдүн кыйрашына алып барарын эскерткен.

Баяндамачылар Женевадагы сүйлөшүүлөр Сириядагы жаатташкан тараптардын талаш маселелер боюнча мунаса табуу жана кепке келүү жөндөмүн сынай турганына көңүл бурушууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG