Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

БУУ: Сириядагы согуш токтошу керек эле...


Сирия
Сирия

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы аскердик аракеттердин тыйылбай, кайра күчөшү жаатташкандарды элдештирип, тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскертти.

Ушул эле учурда Сириянын калкы тынчтыктан сырткары күнүмдүк муктаждыктарын жапчу жардамга өтө муктаж.

Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамын алып жаткандардын бири, сириялык тургун Або Мохаммед азыркы акыбалдарын сүрөттөп берди:

- Жашоо-шартыбыз абдан начар. Тамак, суу тартыш. Электр жарыгы тургай отунубуз да жок. Дегеле эчтемебиз калбады. Ачка болгон адамдар бак-дарактардын бүчүр-жалбырактарын жегенге өттү. Турмуш-тиричиликке керектүү нерсенин баарына зарбыз.

Сириянын эли азыр тынчтыктан тышкары тамак-аш жана күнүмдүк тиричиликке эң керектүү буюм-тайымга өтө муктаж.

БУУ 17-февралдан тарта Сирияга гуманитардык жардам ташый баштады. Уюмдун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура иштин жүрүшүнө оң баа берди:

- Бул иш Улуттар Уюму үчүн да, жаатташкан тараптар үчүн да оор сыноо болду. Биздин жардам 82 миң кишиге жетти. Бул толук канааттандырарлык. Эми муну менен эле токтоп калбай Сириядагы жардамга муктаждардын баарына кол сунушубуз керек.

Баарына, анын ичинде Орусиянын аба соккусуна кабылган Алеппого жардам сунууга согуштук аракеттер тоскоол болууда.

АКШ жана Орусия баштаган Сирияны колдоо боюнча эл аралык топ 12-февралда Мюнхенде жетишкен келишимге ылайык, бүгүн, 19-февралда Сирияда ок атышуу токтомок.

Бирок мөөнөт бүтсө да тынчтык орнобогонун, Орусиянын аба күчтөрүнө таянган Сирия өкмөтү оппозиция ээлигиндеги Алеппону дале камалап жатканын Пан Ги Мун эскертти.

Ошондой эле Түркия да чек арасына жакын жердеги сириялык күчтөргө сокку урууну улантарын айтып, буга башка да өлкөлөрдү кошулууга үндөп келет.

Сауд Арабиясы чакырыкты кабыл алып, колдой турганын билдирип жатат. 17-февралдагы Анкарадагы жардыруудан кийин Түркия Сириядагы күрттөрдү аткылаган эле.

Мына ушундан кийин Пан Ги Мун эл аралык коомчулук алдында эки ачык жол турганын кайрылуу катында жазган.

“Бири - Мюнхен келишимин аткарып, согушту токтотуп, аймакка гуманитардык жардам киргизилишине, терроризм менен күрөшүүгө жол ачат. Экинчиси - 250 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган Сирия согушу дагы уланып, заманыбыздагы эң ири кризисти тереңдете берүүгө, “Ислам мамлекети” жана “Ан-Нусра” экстремисттик топторунун көз жазгырып кетишине шарт түзөт", - делет катта.

Бул арада Женевада Орусия менен АКШнын аскер өкүлдөрү Сириядагы тараптарды жараштыруу боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөнү маалым болду. Бул жолугушуу тууралуу мурда маалымдалган эмес.

Reuters агенттигинин дипломатиялык чөйрөгө таянып маалымдашынча, тараптар Москва менен Вашингтондун позициясын жакындатууну талкуулашты.

БУУ дагы сириядагыларды элдештирүүнү бардык тараптар менен масилеттешери да кабарланууда.

Ошондой эле, Сирия боюнча Улуттар Уюмунун жыйыны жума күнү кечки убакка белгиленген.

Согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду 25-февралда өтүшү керек.

Бирок БУУнун сүйлөшүүлөр уланышы үчүн 17 өлкөдөн Сирияны колдоо боюнча эл аралык топ “ак ниеттикти көрсөтүп, туруктуу колдоону улантышы керектигин” белгилейт.

Туруктуу колдоонун ичинде гуманитардык жүк жеткирүүгө жардам көрсөтүү да бар. БУУнун эсебинде учурда аймактагы 13,5 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж. Анын 4,6 миллиону жетүүгө татаал аймактарда.

XS
SM
MD
LG