Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:31

Тажикстан төрөттү чектегиси келет


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда тукум улоо саламаттыгынын мамлекеттик программасы ишке киргени жатат.

Башкача айтканда бийлик өлкөдөгү төрөттүн санын чектөөгө аракет кылууда. Ага ылайык Саламаттык сактоо министрлиги бардык медициналык мекемелерди бойго бүтүрбөөчү дарылар жана каражаттар менен бекер камсыз кылышы керек. Адистер мында аялдардын саламаттыгына басым жасап, келиндер ден соолугуна зыян келбеши үчүн бир канча жыл эс алып төрөшү керек экенин түшүндүрүшмөкчү.

Көп балалуу үй-бүлө - Тажикстанда кадыресе көрүнүш. Балдардын саны үй-бүлөнүн жашоо-шартынын деңгээлинен көз каранды болбойт. Буга Сафаргүл Нурованын бүлөсү мисал. Байбиченин үч уулу жана бир кызы бар. Алардын баары үйлөнүп, балалуу да болушкан. Бирок баары Сафаргүлдүн эскилиги жеткен чакан үйүндө чогуу турушат. Байбиченин айтымында, ар бир бала - Кудайдын белеги. Ошондуктан алар төрөттү чектөөнү же көзөмөлдөөнү ойлошпойт. Анын азыр сураганы эле балдарына үй куруш үчүн жер тилкеси.

«Төрт чүрпөсү бар улуу балам кыркка жакындап калды. Бир балам 37де болсо, дагы бири 32де. Ар биринин үчтөн-төрттөн баласы бар. Баары болуп 20га жакын неберем бар. Үч сотук жер тилкесиндеги үйдө тургандыктан 2004-жылдан бери бийликтен жер сурап келе жатабыз. Жер бөлүп берүүсүн сурап президентке да жазгам. Көп жылдан бери жүгүрүп жүрөм. Бирок жете алган жокмун», - деди Сафаргүл Нурова.

Тукум улоочу саламаттык борборунун директору Мунира Ганизода буларга токтолду:

«Биздин максат – аялдарды гана эмес, үй-бүлөдөгү бардык адамдарды репродуктивдүү саламаттыктын эрежелери менен маалымдар кылуу. Бул программанын алкагында элге баланы төрөп гана койбостон, тарбиялап, камсыздоо да керектигин түшүндүрөбүз. Улам эле төрөөгө жумшалган каражатты үй-бүлө чогултуп, азыркы бар балдарын жакшы окутууга, кийиндирүүгө коротсо болот. Балдарын бардык зарыл нерселер менен камсыздап, жетиштүүү мээрим төгүп, патриот кылып тарбиялоо зарыл».

Тажикстандагы жакырчылыкка, жумушсуздукка жана күч алган эмгек миграциясына адаттан тыш демографиялык өсүш себеп болуп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын да адистери бир канча жолу айтышкан. Он жылдын ичинде өлкөнүн калкы 22 пайызга өскөн. Жергиликтүү менталитетке ылайык, Тажикстанда төрөттү көзөмөлдөө деген адамдардын оюна келбейт. Алар тез-тез бала төрөө аялдын саламаттыгына жана психикасына зыян тийгизет дегенге да кошулбайт. Ал эми бала төрөөнү пландоону, аларды багууга жана тарбиялоого кете турган каражатты алдын ала эсептөөнү да баары эле биле бербейт.

Тажикстандагы тукум улоо саламаттыгынын мамлекеттик программасына ылайык, бейтапканаларда жана ооруканаларда күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу жана жыныстык карым-катыштын этикасы тууралуу маалымат берилмекчи. Программанын демилгечилери ал тажик аялдарынын төрөтүн токтотууга багытталган деген сынга кошулбайт. Алар бала төрөө ар бир жарандын укугу экенин белгилешет. Ошол эле кезде дарыгерлер баланын жана эненин ден соолугу чың болушу үчүн күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу зарыл экенин айтып, төрөт жашындагы элди бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыз кылышууда.

«Биз бул программаны иштеп чыгуунун алдында изилдөө жүргүзүп, көп маселени аныктадык. Мисалы, Тажикстандагы аялдардын 40 пайызы катар-катар төрөгөндүктөн боюнда бар кезде аз кандуулук менен жабыркайт», - деди Тукум улоо саламаттыгынын борборунун директору Мунира Ганизода.

Медиктердин божомолуна ылайык, бул мамлекеттик программа үч жылдын аралыгында 450 миң күтүүсүз бойго бүтүүнү токтотууга жардам бермекчи. Тогуз миллион эл жашаган Тажикстан үчүн бул чоң көрсөткүч. Программанын алкагында алыскы айыл-кыштактар да бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыз болушат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG