Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Аюмбеков: Мыйзамга баары баш ийиши керек


Тажикстанда жакында мартабалуу коопсуздук кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп шектелген адам 12-августта өзү колго түшүп берди.

1990-жылдардагы жарандык согуштун мезгилинде оппозициянын кор башчысы болгон Толиб Аюмбеков андан эки күн мурда "Азаттыктын" Тажик кызматына кайрылып, Тоолуу Бадахшандагы 70 чакты кишинин каны төгүлгөн окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берген эле.

"Азаттык" менен 10-августтагы маегинде Аюмбеков өзү Тоолуу Бадахшан автоном областынын борбору Хорогдо экендигин, атышууда алган жараатынан дарыланып жаткандыгын билдирди. Ал Ооганстанга качкан деген каңшаарды четке кагып, ага-иниси да жарадар болгондугун кошумчалады.

Аюмбеков ошондой эле өзү көзөмөлдөгөн топ куралын тапшыргандыгын мындайча ырастады:

- Ага Хандын (Тоолуу Бадахшанда басымдуулук кылган исмаилиттердин жол башчысы) чакырыгынан кийин биз куралыбызды тапшырдык. Бардык куралды чогултуп, өткөрүп бердик. Азыркы тапта Хорогдо көчөлөрдө турган тажик армия аскерлеринин гана куралдары бар. Бирок алар бүгүн эле эки кишини атып салышты, дагы экөөнү жарадар кылышты. Элдин маанайы төмөн. Мындан ары эмне болоорун айта албайм.

Аюмбеков өкмөттүк аскерлер кол салса да баары бир куралын таштамак экендигин, иш жүзүндө тынчтыкты көздөөрүн билдирди.

"24-июлдагы Хорогдогу салгылаштан кийинки тынчтык сүйлөшүүсүнө катышкан белеңиз?" деген суроого түз жооп берүүдөн тайсалдаган экс-козголоңчу азыр сүйлөшүү үчүн комиссия түзүлгөнүн, комиссия мүчөлөрү аны кайта-кайта суракка алып жаткандыгын маалымдады.

Анын айтымында, өкмөт менен "аскерлер Тоолуу-Карабактан 24-июлда чыгарылат, анда болгон окуя иликтенет" деп макулдашылган. Коргоо министри Шерали Хайруллаев аскерлер иликтөө башталганда чыгарылып, тартип коргоочулар гана калат деп сөз берген. Бирок Аюмбеков «андан бери аскерлер чыгарылбастан, текшерип-өткөрүү бекеттеринин саны көбөйтүлүп, дагы кошумча 90 көзгө атаар алынып келинди» деп ырастады. Ал мындай абал провокацияга жагымдуу шарт түзүп жатат деди.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Аюмбековду баңги аткезчилиги, минерал уурдоо, аялдардын Ооганстанга сатылышы өңдөнгөн оор кылмыштарга тиешеси бар деп келген.

Аюмбеков Башкы прокуратуранын, полициянын, салык кеңсесинин жана коррупцияга каршы күрөш агенттиктеринин өкүлдөрү менен бул туурасында баарлашкан экен. "Алар баарын текшерген. Менин үйүм бар экени чын, бирок ал ак сарай эмес. Акыркы жети жылда бир машине минип жүрдүм. Банктан карыз алганым бар. 2008-жылы президент Эмомали Рахмон Хорогго келгенде, менин абалымды өзү көрүп, бийликтерге чакан бизнес ачууга карыз бергиле деп айткан. Ошондон кийин банктардан бир нече жолу карыз алгам" деди ал.

«Карыздарды убагында төлөгөн эмес экенсиз го?» деген суроого Аюмбеков мындайча жооп кайтарды:

Мен бир нече жолу карыз алып, көпчүлүгүн кайтарып бердим. Төлөй албай калганда депозитин берип, күрөөгө мүлк койдум. Акчам жок болсо, эмне кылам?! Мен банктан 120 миң доллар карыз алып, 240 миң доллардык мүлкүмдү күрөөгө койгом. Банктан акчаны коркутуп алган жокмун, карыз алгам. Аны кайра төлөп берем. Өлтүрүлгөн генерал Абдулло Назаровдун эмне иш менен шугулданганы жакшы белгилүү болчу. Биз ага акча төлөп турчубуз. Аны ким, эмне үчүн өлтүргөнүн билбейм. Бирок ал тирүү калганда деле бизге кол салышмак.

Аюмбеков ага эмне үчүн баары бир кол салышмак деген суроонун жообун ыйык орозо айында согуш баштап, кан төккөндөрдөн сурап алууга кеңеш берди. Ал Тажикстанда төңкөрүш уюштурсаң, 7 миллион доллар төлөп беребиз дешкендер болгондугун бышыктап, бул тууралуу тажик бийликтерине кабар бергендигин билдирди. Бирок ал мындай сунушту ким киргизгенин айткан жок.

Аюмбеков өзүн орустардын тыңчысы, Ооганстандагы күчтөр менен иштешет деген өңдүү ырастоолорду да четке кагып, акыркы 17 жыл Тажикстанда тартип коргоо системасында Тажикстан үчүн эмгек өтөгөнүн, бул кызматтарда президенттин буйругун аткарып келгенин, Хорогдо болгон окуяларды айыптарын жана элдин камын ойлогон адам катары президент акыйкат сөзүн айтат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Мурдагы талаа командири ошондой эле Хорог жаңжалында ондогон кишинин өлүмүнө байланыштуу өзүн жоопкер сезбей тургандыгын мындайча белгиледи:

Эгер бул кан төгүү үчүн өзүмдү күнөөлүү сезсем, мен кээ бирлер айткандай, эбак эле Ооганстан, Пакистанда же дагы башка жерде жүрмөкмүн. Бийликтер мага Назаровдун өлүмүнө байланыштуу төрт кишини кармап бер дегенде, мен макул болгом. Бийликтер башында төрт кишини сурашкан, кийин 10 киши дешти. Аларды кармаш үчүн мага убакыт керек эле. Бийликтер бир-эки күн күтүшсө болмок, анын ордуна түн ортосунда эл уктап жатканда ата башташты. Ички иштер министри Рамазон Рахимов мага түнкү 11де телефон чалып, 10 кишини эртең менен алып кел деди. Мен макул дедим. Бирок көп өтпөй ок ата башташты. Атышуу башталганда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү туугандарын шаардан алып чыгып кетишти. Хорогдо карапайым тургундар өлдү. Ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экендин эл жакшы билет.

Мындан аркы пландары тууралуу суроого Аюмбеков бир гана Кудайдан, анан Ага Хан менен президент Рахмондон үмүттөнөрүн, Рахмонго кат жазып, баарын түшүндүрүп бергенин, кандай болгон күндө да эки тарап тең мыйзамга баш ийиш керектигин айтып жооп кайтарды. Бул маектен эки күндөн кийин Аюмбеков өзү бийликтерге колго түшүп бергени маалым болду.

XS
SM
MD
LG